Жети жаштагы алепполук кыз Трампка кат жазды

Бана Алабед Сүрөттүн автордук укугу AFP

Сириялык жети жаштагы секелек Бана Алабед АКШнын жаңы шайланган Президенти Дональд Трампка ачык кат жазды.

Бана буга чейин камоодо турган Алепподон «Твиттерге» көргөн билгендерин жазып, көпчүлүккө таанымал болуп калган.

Ал Трампка жазган катында: "Сиз сириялык балдар үчүн бирдеме кылышыңыз керек. Анткени алар деле сиздин балдарыңыз сыяктуу да, алар дагы тынчтыкта жашаганга татыктуу»,-деп жазган.

Бана өз үй бүлөсү менен Алеппо чыгышынан декабарь айында жайкын тургундарды эвакуациялоо учурунда чыккан. Азыр Түркияда жашап жатат. Ал өткөн жылдын сентябрь айында Башар Асаддын армиясы Орусиянын колдоосу менен шаардын чыгыш бөлүгүнө чабуул баштаган учурдан тарта, "Твиттерге" каттарды жаза баштады. Болуп жаткан окуяларды ал англис тилинде сүрөттөп жазып турган. «Твиттердеги" аккаунтуна жардам берип жүргөн апасы Фатима, Бананын Президент Дональд Трампка катын Би-Би-Сиге жөнөттү.

Фатиманын айтымында, Бана катты жаңы америкалык Президенттин инагурациясынан бир нече күн алдын жазган. Апасы Бана АКШ Президентин көп жолу теле аркылуу көрүп, анан кат жазганын айтты.

Бананын Президент Дональд Трампка каты

Кымбаттуу Дональд Трамп!

Менин атым Бана Алабед. Мен Алеппо шаарынан болом. Жашым жетиде. Мен өткөн жылдын декабрь айында курчоодо турган Алепподон кеткенге чейин Сирияда жашап келгем. Мен Сириядагы согуштан жабыр тарткан балдардын биримин. Азыр Түркияда тынч жашоодо, жаңы үйүмдө жашап жатам. Алепподо мектепке барчумун, мектепти бомбалап салышты. Менин айрым досторум көз жумду. Мен кайгырып жүрөм, эгер алар мени менен болсо, бирге ойномокпуз. Мен Алепподо ойной алган жокмун, анткени ал өлүмдүн шаары болчу. Азыр болсо Түркияда көчөгө чыга алам жана шаттанып, кубана алам. Мектепке барсам да болот, бирок ал ачыла элек. Дал ушунусу менен тынчтык баарыбыз үчүн маанилүү, анын ичинде сиз үчүн да. Бирок миллиондогон сириялык балдар азыр мынтип мен сыяктуу жашабайт, Сириянын ар кайсыл бөлүгүндө жапа чегип жатышат. Сиздин Америка Президенти болушуңузду билем. Суранам, Сириянын балдарын жана элин куткарып калыңыз. Сиз сириялык балдар үчүн муну кылышыңыз керек. Анткени алар деле сиздин балдарыңыз сыяктуу да, алар дагы тынчтыкта жашаганга татыктуу. Эгер сиз Сириядагы балдар үчүн бирдеме кылам деп убада берсеңиз, мен сиздин жаңы досуңуз болом. Сириядагы балдарга сөзсүз көңүл бурат деп үмүттөнөм.

Сүрөттүн автордук укугу Twitter/alabedbana
Image caption Бана буга чейин камоодо турган Алепподон «Твиттерге» көргөн билгендерин жазып, көпчүлүккө таанымал болуп калган.

Бана жана анын бүлөсү жашап жаткан Түркия сириялык оппозицияны колдойт. Ал эми Президент Трамптын Сирия жаңжалы боюнча позициясы азырынча белгисиз.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар