Чыгыш европалык хакерлер банкоматтарды карактаганы үчүн Тайванда соттолду

банкомат Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Бул окуядан кийин аралда миңге чукул банкоматка убактылуу тосмо коюлду.

Чыгыш европалык үч жаран Тайвандагы Тайбэй жана Тайчжун шаарларындагы First Bank банкоматтарындагы 2,6 млн доллар акчаны киберкарактоого алганы үчүн беш жылга эркинен ажыратылды.

Абакка кесилгендердин бири Латвиянын жараны Андрейс Перегудовс, румыниялык Михаил Колибаба жана Молдавия жараны Николай Пенков. Хакерлер банкоматтарды карактоодо компьютердик вирус программаларын колдонгон.

Тайван бийликтеринин маалыматына караганда, өткөн жылдын жай айында банктын Лондондогу бөлүмүнүн серверине ушундай жол аркылуу чабуул жасашкан. Жыйынтыгында алар он эле минутанын ичинде 34 банкоматты тазалап, чоң суммадагы каражатты которуп кетишкен.

Бул ишке дагы 19 киши шектелип жатат. Болжолу алар кылмыш кылгандан кийин Тайвандан чыгып кетишкен.

Мындай ири суммадагы акчаны карактоо окуясы Тайванда биринчи жолу катталды. Бул окуядан кийин аралда миңге чукул банкоматка убактылуу тосмо коюлду.