Дума үй-бүлөлүк зомбулук боюнча талаштуу мыйзамды кабыл алды

уруп-сабоо Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

Орусиянын Думасы үй бүлөдөгү туугандык байланышы бар адамдар биринчи жолу уруп-сабоого барса, анын жоопкерчилигин Кылмыш кодексинен бошотуу боюнча талаштуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Мыйзам долбооруна "макул" деп 380 депутат добуш берсе, каршы болгондор үчөө гана болду. КПФР фракциясы добуш берген жок.

Мыйзам добоору күз айында "Бирдиктүү Орусия" депутаттары тарабынан сунушталган. Биринчи окуудан ушул жылдын 11-январында өтүп, экинчи окуудан 25-январда жактырылган эле.

Мыйзамга каршы чыккандар кош бойлуу аялдарга, жаш балдарга, жардамсыз абалдагы кишилерге карата жасалган мындай зомбулуктарды кылмыш катары караган жоопкерчиликти калтыруу керек деген жүйө келтиришкен.

Мыйзам кабыл алынып калса, Кылмыш кодексинин 116-беренесине өзгөртүү киргизилет. Туугандык байланышы бар, үй бүлөдөгү жакын кишилердин бири-бирине кол көтөрүүсү биринчи жолу жасалып жаткан болсо, ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, административдик кодекс менен айыпка жыгылат. Кайра кайталанса, анда кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Жакында эле өткөрүлгөн сурмажылоого ылайык, көпчүлүк орусиялыктар физикалык зомбулукту катуу сынга алышкан. Бирок ошол эле учурда мындай уруп-сабоону биринчи жолу жасап жаткан болсо, жоопкерчиликти бир аз жеңилдетүү керек деген пикирди сурамжылоого катышкандардын көбү колдошкон. Ошону менен бирге сурамжылоого катышкандардын 70 пайызы үй-бүлөдөгү уруп-сабоого каршы экенин билдиришкен. 19 пайызы үй бүлөдө күч колдонууга жол бергенин көрсөтүшкөн. Бул мыйзам долбоору көптөгөн сын пикирлер менен коштолуп жатат. (AbA)

Тектеш темалар