АКШга келүүнү чектеген жарлыкка каршы жүрүштөр

Лос-Анжелес, массалык жүрүш Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Лос-Анжелес.

Жекшембиде Президент Дональд Трамптын мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга келүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча чечимине каршы массалык жүрүштөр болду. Мигранттар менен качкындарга колдоо көрсөткөн демонстранттар АКШнын чоң шаарларындагы аэропорттордо, көчөдө акцияларды өткөрүштү.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Сан-Франциско aэропорту

Президенттин жарлыгы качкындарды кабыл алуу боюнча АКШнын программасын 90 күнгө токтотту. Ошондой эле Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө убактылуу тыюу салды. Бул жарлык чыгып жаткан учурда жолдо болуп калгандар АКШга келгенден кийин колунда визасы болсо да, чек арада кармалып калышты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бостон

АКШнын штаттарындагы 16 прокурор жарлыкты Баш мыйзамга каршы келет деп билдирип чыгышты. Бир канча федералдык судялар визасы барларды депортация кылууну убактылуу токтотту.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Манхэттен.

Муну менен бирге эле Квиннипэкским университетинин январдагы сурамжылоосу боюнча, чөлкөмдөгү терроризм коркунучуна байланыштуу миграцияга чектөө киргизүү керек деген пикирди респонденттердин 48% пайызы колдогон. Буга каршы болгондор 42 пайызды түзөт.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Филаделфия aэропорту.

Президенттик администрациянын жетекчиси Райнс Прибус чектөө киргизүү башаламандык жаратты деген сынды четке какты. Анын айтымында ишембиде 325 миң киши АКШга учуп келген болсо, алардын 109 гана кармалып турган.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Филаделфия aэропорту.

Дональд Трамптын жарлыгы БУУ тарабынан, өлкө ичиндеги жана сыртындагы коомдук ишмерлер тарабынан катуу сынга кабылды. Атактуу кишилер дагы Президентти бул жарлыгы үчүн сындап жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Нью-Йорк.

Канаданын бийлиги АКШ Президентинин жарлыгы кимдин жолун бөгөп жатса, өлкөсүнө убактылуу баш калкалоого уруксат берди. Премьер-министр Жастин Трюдо "Твиттердеги" баракчасына, Канада "репрессиядан, террордон жана согуштан качып келгендерге кол сунат" деген билдирүүсүн жазган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Нью-Йорк.

Иран буга жооп кылып, өлкөгө кирүүгө АКШ жарандарына тыюу салуу боюнча чечим кабал алабыз деп коркутту. Ушундай эле билдирүү Ирак тарабынан да жасалды. Бул өлкө АКШ менен кызматташып, өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топко каршы күрөшүп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Лос-Анжелес

Бул чечим боюнча кабатырлануусун америкалык ири интернет компаниялар да билдирип жатышат. Анын ичинде Google жана Netflix дагы бар. Аталган компанияларда миңдеген жумушчулар иштейт. Арасында араб жана азиялык өлкөлөрдөн келгендери бар.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Лос-Анжелес.

Дональд Трамп бул жарлыкты мусулмандар үчүн тыюу салуу катары карабаш керек деди. "Кеп дин жөнүндө эмес, кептин баары террор жана өлкөнү коргоо тууралуу",-деди ал. Президент ММКларды бурмалап маалымат таратып жатат деп айыптады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Вашингтон

Демонстранттар менен катар эле америкалык аэропорттордо юристтер күзөтүп турушту. Алар бул жарлыктан улам кармалып калган кишилерге бекер кызматтарын сунушташкан.

Тектеш темалар