Тажикстанда жети киши кар көчкү алдында калды

кар көчкү
Image caption Алардын сөөгү 150 метрдей кар алдынан казып алынды.

Тажикстанда кар көчкү алдында калып жети киши каза тапты. Өлкөнүн куткаруу кызматы Дүйшөмбү-Хужант унаа жолунда кар көчкү алдында калып беш киши каза тапканын билдирди.

Алар бараткан унаанын үстүнө көчкү жүрүп кеткен. Алардын сөөгү 150 метрдей кар алдынан казып алынды. Ал эми дагы эки киши Тоолуу Бадахшан аймагындагы кар көчкүдөн каза тапкан.

Image caption Куткаруучулар 800дөй жүргүнчүнү жана 150 жеңил унаа, элүү жүк тарткан унааны жол ачып, чыгарып алышкан.

Чукул кырдаалдар комитети Дүйшөмбүнү Согди облусу менен байланыштырган унаа жолунда бир учурда 40 жерден кар көчкү жүргөнүн билдирди. Карда 200дөй унаа камалып туруп калган. Куткаруучулар 800дөй жүргүнчүнү жана 150 жеңил унаа, элүү жүк тарткан унааны жол ачып, чыгарып алышкан.

Дүйшөмбүдөгү Би-Би-Си кабарчысы билдиргендей Дүйшөмбү-Хорог-Мургаб багыты боюнча унаа жолунда кырдаал оор бойдон калууда. Бул унаа жолу кар көчкүдөн улам убактылуу жабылды.

Тема боюнча башка макалалар