АКШ Иранга эскертүү жасады

АКШ Иранга эскертүү жасады
Image caption АКШ Иранга эскертүү жасады

Иран баллистикалык ракетаны сыноодон өткөргөндөн кийин АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флин Иранга эскертүү берди. Ал маалымат жыйында Обаманын администрациясы Ирандын бул жаатта жасаган кадамдарга тиешелүү чара көргөн эмес деп билдирди.

"Ирандын жакында баллистикалык ракетаны учурганы эл аралык коопсуздук боюнча келишимдерге шайкеш келбегенин белгилеп кетмекчимин. Ирандын мындай жасага кадамдары бүтүндөй Ортонку Чыгыш регионунда дестабилизацияга алып келүү ыктымалын жаратат. Андан тышкары Ирандын баллистикалык ракетаны учурганы Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук боюнча кеңешинин 2231чи резолюциясына каршы келет. Бул резолюцияга ылайык, Ирандын баллистикалык ракеталарды учурууга руксаты жок. Обаманын администрациясы Ирандын эл аралык куралдарды бузган мындай кадамдарына жооп катары тиешелүү чараларды көргөн эмес. Алсак, Иран курал-жарактарды мыйзамсыз ташуу жана өткөрүп берүү жана террористтерге жардам көрсөтүү сыяктуу иштерге жоопкерчиликтүү болуп келген", - деди АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флин.