Трамп НАТО лидерлери менен жолугууга макулдук берди

Трамп Сүрөттүн автордук укугу EPA

АКШ Президенти Дональд Трамп май айында Европада НАТО лидерлери менен жолугушууга макулдук берди. Бул тууралуу альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө сөз болгон.

Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Трамп НАТОну өзүнүн ролун жоготкон эски аскердик союз катары сынга алып келген. Ал НАТОго мүчө болгон өлкөлөрдүн бирине коркунуч жаралса, ал өлкө уюмдун бюджетине мүчөлүк акысын төлөбөгөн болсо, анда АКШ жардам бериши керекпи же жокпу деген маселени ойлонуу керектиги тууралуу кайрылууларды жасаган.

Азыркы учурда альянстын 27 мүчө өлкөсүнүн бешөө гана (Исландиянын армиясы жок) коргонууга ички дүң өндүрүмүнүн эки пайызын коротот.

Буга чейин Столтенберг азыркы учурда альянстын бюджетинин дээрлик 70 пайызын АКШ каржылай турганын моюнуна алып, айрым союздаштарына көбүрөөк салым кошуу керектиги тууралуу айтканы бар. Бирок ал америкалык лидерлер ар дайым Европадагы коопсуздук жана тынчтыкты сактоодо терең стратегиялык кызыкчылыкты карманып келишкенин эске салган.

Ак үйдүн билдирүүсүнө караганда, Трамп менен Столтенберг «НАТОго кирген союздаштар коргонуу үчүн чыгымдалган каражатты төлөөдө бардыгы милдеттенмесин аткарууга кандай чаралар зарыл экендиги" тууралуу сүйлөшкөн.

Ошондой эле Украина чыгышындагы кырдаалды дагы талкуулашкан.

Тема боюнча башка макалалар