Ооганстан менен Пакистанда кар көчкүдөн көп адам өлдү

Афганистан менен Пакистанда кар көчкүдөн көп адам өлдү
Image caption Ооганстан менен Пакистанда кар көчкүдөн көп адам өлдү

Ооганстан менен Пакистанда кар калың түшүп, кар көчкүдөн жүздөн ашуун киши курман болду.

Каргашалуу окуяда Ооганстандын түндүк чыгышында жайгашкан Нуристан провинциясында 53 адам, ал эми Пакистандын түндүгүндө 13 адам курман болду.

Ондогон үйлөр талкаланып, айрым адамдар унаалардан чыга албай тоңуп калганы кабарланууда.

Ооганстандын баш калаасы Кабулдун түндүгүндө да кар көчкү болду.

"Калың жааган кар эки айылды басып калган", - деди Ооганстандын табигый кырсыктар боюнча министирлигинин маалымат катчысы.

Куткаруучулар аба ырайынын татаал шарттарынан улам кар көчкүдөн жабыркаган адамдарга жетүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда.

Провинциялык кеңештин мүчөсү Халилулла Гайор Афганистандагы Би-Би-Си кабарчысына кырсык болгон жерге эки тик учак жиберилет деп билдирди.

Кабулдун негизги эл аралык аба майданы кар калың жаагандыктан, каттамдарды убактылуу токтотуп койду.

Кабул-Кандагар трассасында полиция кызматкерлери тыгында туруп калган 250 унаанын чыгып кетүүсү үчүн жолду бошотту.

Кабулдун түндүгүндөгү Саланг ашуусунда калыңдыгы эки жарым метр кар жаап, жол убактылуу жабылганын полиция жетекчиси Ражап Саланги кабарлады.

Тема боюнча башка макалалар