Qatar Airways учагы дүйнөдө биринчи жолу эң узак аралыкты багындырды

Boeing 777-200 Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Boeing 777-200 үлгүсүндөгү учак ошондо 14,5 миң км багындырып, графигинен 15 минута мурун Окленддеги аэропортко конгон.

Qatar Airways авиакомпаниясына таандык Boeing 777-200 үлгүсүндөгү учак Катардын баш калаасы Дохадан учуп чыгып, тыныгуусуз Жаңы-Зеландиянын Окленд шаарына келди. Учуу узактыгы 16 саат 15 минутага созулган.

Boeing 777-200 үлгүсүндөгү учак ошондо 14,5 миң км багындырып, графигинен 15 минута мурун Окленддеги аэропортко конгон. Салт боюнча өрт өчүргүч унаалар учак конгон учурда суу чачып тосуп алышты.

Авиакомпаниянын жетекчиси Акбар аль-Бакер күйүүчү майга болгон баалардын кымбатташы компаниянын ушул багыт боюнча каттам киргизүү чечимине таасир этпейт деп билдирди. Окленд аэропортунун директору Эдриан Литтлвуд бул каттам Европага көп саякаттаган жаңы зеландиялыктар үчүн абдан популярдуу болуп кетиши мүмкүн дейт.

New Zealand Herald басылмасы бул каттам ийгиликтүү сыноодон өткөндөн кийин, анын урматына атайын иш чара уюштурулганын жазды.

Кийинки рекордсмен Singapore Airlines авиакомпаниясы болушу мүмкүн. Алар 2018-жылы Нью-Йорк менен түз каттамды жандандырабыз деп турат. Бул каттамдын узактыгы 19 саатка чейин болот.

Тектеш темалар