Amnesty Дамасктагы абакта миңдеген кишилер өлтүрүлгөнүн кабарлады

Сайедная абагында камакка алынгандар кармалган эки борбор бар. Аларда 10 миңден 20 миңге чейин киши кармалышы мүмкүн. Сүрөттүн автордук укугу AMNESTY INTERNATIONAL/FORENSIG ARCHITEGTURE
Image caption Сайедная абагында камакка алынгандар кармалган эки борбор бар. Аларда 10 миңден 20 миңге чейин киши кармалышы мүмкүн.

Aдам укугун коргогон эл аралык Amnesty International уюму Дамасктагы Сайедная абагында жүргүзүлгөн кыйноолор жана өлүм жазасы боюнча иликтөө жыйынтыгын жарыялады.

Укук коргоочулар 2011-жылдын сентябрь айынан 2015-жылдын декабрына чейин соттун чечими жок эле 5 миңден 13 миңге чейинки абакта жаткандар өлтүрүлгөн деп ырастайт. Мындай тыянак абактын мурдагы кызматкерлери жана абакта жатып чыккандардын көрсөтмөлөрүнө негизделип чыгарылган.

"2015-жылдын декабрынан 2016-жылдын декабрына чейин уюм Сайедная аскер абагын иликтеп чыкты. Иликтөөнүн жүрүшүндө абакта жатып чыккан 31 кишиден интервью алдык. Ошондой эле абактын мурдагы төрт кызматкери менен маектешүү болду. Соттун мурдагы үч судясы, аскер госпиталында иштеген үч дарыгер, төрт адвокат жана Сириядагы абакта кармоо абалын жакшы билген 17 эл аралык эксперт, жакындары абакта жаткан же каза тапкан 22 үй бүлөнүн мүчөлөрү менен мектешүүлөр болду»,-деп айтылат уюмдун докладында.

Укук коргоочулар эл аралык коомчулукту бул абак жай боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

"Камакка алуу, кыйноо жана өлүм"

Mаектешкен кишилер айтып берегенине караганда, Сайедная абагында камакка алынгандар кармалган эки борбор бар. Аларда 10 миңден 20 миңге чейин киши кармалышы мүмкүн.

"Кызыл корпус" деп аталган жерде негизинен 2011-жылы Сириядагы жаңжал башталып жаткан учурда камакка алынгандар кармалат. "Ак корпуста" көпчүлүгү сириялык армиянын мурдагы офицерлери, жоокерлер кармалып турат. Алар дагы 2011-жылы камакка алынышкан.

"Кызыл корпустагы» миңдеген эркинен ажыратылгандар эч кандай соттун чечими жок эле, оор абалда кармалып тургандыктан жана кыйноолоордон өлтүрүлгөн деп жазат докаладдын авторлору.

Ѳлүм жазасына тартуу алдында аскер талаа сотунун чечими окулган. Сот Дамасктын Аль-Кабун районунда жайгашкан. Адатта мындай өлүм жазасын чыгарган соттор 3-4 минутага гана созулуп, өкүм окулуп турган.

Мындай абак жайларга өкмөт менен кайсыл бир маселеде кайчы пикири бар коомдун бардык катмарындагы кишилер туш болушкан. Арасында студенттер, укук коргоочулар, демонстранттар, саясый ишмерлер, журналситтер, гуманитардык уюмдардын кызматкерлери, дарыгерлер бар.

Amnesty International уюму ырастагандай, соттун өлүм жазасын чыгарган өкүмү Президент Башар Асаддын атынан укук берилген Сириянын Коргоо министри же Башкы штабдын жетекчиси, болбосо өлкөнүн жогорку муфтийи тарабынан бекитилет.

2011-жылы өлкөдө жаңжал башталгандан бери Сирия өкмөтү Amnesty International уюмунун кирүүсүнө тыюу салган. Ошондон бери укук коргоочулардын өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн аймактарга кирүү мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан интервьюлардын көпчүлүгү телефон аркылуу, анан Түркиянын түштүк аймагында жүрүп алынды. Уюм өз докладында 84 күбөнүн көрсөтмөлөрүн келтирген. Абак жайдын күзөтчүлөрү эркинен ажыратылгандарга жасалган кыйноолор, кандай шартта кармалары тууралуу айтып беришкен.

Human Rights Data Analysis Group маалыматына караганда, 2011-жылдын мартынан 2015-жылдын декабрына чейин Сириянын өкмөттүк абак жайларында айына орточо эсеп менен 300 кишини өлтүрүшкөн. Бул эсеп менен алганда абактарда ошол учурдан бери 17, 7 миң киши өлтүрүлгөн.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар