Fox News журналисти «киллер» атаганы үчүн Путинден кечирим сурабайт

Журналист Билла О'Райлинин чуу жараткан сөзү АКШ Президенти Дональд Трамп менен интервью учурунда айтылган. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Журналист Билла О'Райлинин чуу жараткан сөзү АКШ Президенти Дональд Трамп менен интервью учурунда айтылган.

Fox News телеканалынын алып баруучусу, журналист Билл О'Райли Орусия Президенти Владимир Путиндин дарегине айткан сөзү үчүн жакынкы жылдарда кечирим суроо ниети жок экенин билдирди.

Журналист Билл О'Райлинин чуу жараткан сөзү АКШ Президенти Дональд Трамп менен интервью учурунда айтылган. Трамп журналисттин Путин тууралуу берген суроосуна жооп берип жатып, башка көптөгөн кишилер сыяктуу эле Путинди сыйлай турганын, деген менен «бул менин бардыгы менен эле мамилем жакшы дегенди билдирбейт» деген.

"Бирок ал [Путин] киллер да ", -деген О'Райли.

"Киллер көп. Бизде дагы көп киллер бар. Сиз биздин өлкө күнөөсүз деп ойлойсузбу?»,-деп жооп берген Трамп. Ал ошол эле учурда шайлоо өнөктүгү учурунда айтылган «Орусия менен касташкандан көрө достошуу керек» деген пикирин кайталаган.

Кремль О'Райлинин Путин тууралуу айткандарын мазактоо жана жол берилбей турган орой сөз катары кабыл алды. Дүйшөмбү күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, мындай кадырлуу телеканалдан албетте, Президенттен кечирим суроону күтүп жатышканын айткан. Ошол эле учурда Песков Дональд Трамптын берген жообуна комментарий берүүдөн баш тартты.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар