Трамптын иммиграциялык чектөөлөр боюнча жарлыгы апелляциялык сотто каралууда

Жарлыкка каршы чыккандар сот имаратынын жанында каршылык акциясын өткөрүүдө. Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Жарлыкка каршы чыккандар сот имаратынын жанында каршылык акциясын өткөрүүдө.

Сан-Францискодогу апелляциялык сот өкмөттүн иммиграциялык чектөөнү калыбына келтирүү өтүнүчүн карап баштады.

АКШ Президенти Дональд Трамп 28-январда иммиграциялык чектөөлөр боюнча жарлыкка кол койгон эле. Ага ылайык Судан, Йемен, Ливия, Сомали, Ирак, Иран жана Сирия өлкөлөрүнүн жарандары 90 күн АКШга кирүүсүнө тыюу салынган. Ошондой эле Сириядан келген качкындарды кабыл алуу белгисиз мөөнөткө токтотулган.

4-февралда Сиэтл федералдык соту Вашингтон штатынын прокурорунун арызы боюнча бул ишти карап, Президенттин жарлыгын Баш мыйзамга каршы келет деген чечим чыгарган. Буга улай башка штаттар дагы арыз менен кайрыла баштады.

Судья бул жарлык соттук териштирүүдөн өткөнгө чейин убактылуу күчүн жоготот деп билдирген. Ѳлкөнүн Юстиция министрлиги Федералдык соттун чечимине каршы доо арыз менен Сан-Францискодогу апелляциялык сотко кайрылган эле. Бул арызды сот карап баштады.

Соттун жүрүшүндө өкмөттүн кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Президент улуттук коопсуздукту сактайт, конгресс болсо Президентке чек араларды көзөмөлдөө милдетин берген деди. Ал ошондой эле жарлыкта көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн жарандары террордук коркунуч жаратып калыш да мүмкүн экенин ишендирүүгө аракет кылды.

Вашингтон штатынын кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат болсо жарлык дискриминацияга алып келерин айтууда. Соттук коллегия бул ишти жакынкы күндөрдө карап, чеим кабыл аларын убада кылды .

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар