АКШнын президенттери кызматтан кеткенден кийин эмне менен алектенет?

  • 8 февраль 2017
Барак Обама Сүрөттүн автордук укугу JACK BROCKWAY/VIRGIN.COM/PA WIRE
Image caption Барак Обама кызматын өткөрүп берип эле Кариб деңизиндеги аралдарга барып келүүнү чечкен.

Америкалык президенттер үчүн эртеби-кечпи Ак үйдөн кеткенден кийин эмне менен алектенери тууралуу суроого туш болушат.

Барак Обама кызматын өткөрүп берип эле Кариб деңизиндеги аралдарга барып келүүнү чечкен. Ал ошол жакта тартылган сүрөтүндө албетте, жылмайып, жайдары көрүнөт. Жээк бойлой Мишель Обаманын коштоосунда бараткан сүрөтү интернетке кеңири тарады.

Биртаниялык миллиардер Ричард Брэнсон өзүнө караштуу аралдардын бирине Обама Ак үйдөн кетери менен эле эс алып, «атмосфераны алмаштырууга» чакырган экен.

Бирок бардык эле мурунку президенттер мөөнөтү бүткөндөн кийин эс алуу үчүн деңиз жээктерине жөнөп кеткен эмес.

Жорж Буш-кичүүсү - сүрөтчү

АКШнын 43-Президенти Ак үйдү 2009-жылдын январында таштап чыгып кеткен. Ал дароо эле Вашингтондон Далластагы үйүнө жөнөгөн. Убактысын ушул жерде жана Техастагы чарбасында өткөрүүдө.

Image caption Ал Владимир Путиндин, Тони Блэр, Далай Ламанын портреттерин тарткан.

Ѳзүнө жаңы хобби табууну чечкен 63 жаштагы Буштун кичүүсү живопись боюнча сабак ала баштаган. Ал Владимир Путиндин, Тони Блэр, Далай Ламанын портреттерин тарткан. Ошондой эле өзүнүн иттеринин сүрөтүн чиймелеген.

Бул жаатта ал өзүнө үлгү кылып Уинстон Черчиллди алган экен. Черчилль 40 жашка чыкканда колуна кыл калем алып, саясаттан эс алуу үчүн сүрөт тартчу.

Теодор Рузвельт - аңчы

Сүрөттүн автордук укугу HILTON/ARHIVE
Image caption АКШнын 26-Президенти кызматынан кеткенден кийин уулу Кермит менен Африкага аңчылык экспедицияга кетип, ал жакта бир жыл жүргөн.

Теодор Рузвельт аңчылык учурунда аюну атуудан баш тарткан окуясы коомчулукка аңыз болуп калган. Бирок 1909-жылы АКШнын 26-Президенти кызматынан кеткенден кийин уулу Кермит менен Африкага аңчылык экспедицияга кетип, ал жакта бир жыл жүргөн.

Экспедицияны 200дөн ашуун киши коштоп барган, андан сырткары окумуштуулар дагы болгон. Алар дээрлик Африка чөлкөмүн бүтүндөй басып өтүшкөн. 11 миңге чукул айбанаттарды атышкан, анын ичинде пилдер, носорог, бегемот, зебра, маймыл, жыландар бар эле. Алар атып өлтүргөн айбанаттар илимий изилдөө үчүн Америкага жөнөтүлүп турган.

1913-жылы экс-президент уулу менен дагы бир экзотикалык саякатка чыккан. Бул жолу алар бразилиялык мамлекеттик ишмер, изилдөөчү Кандид Рондондун экспедициясына кошулган. Алар Күмөндүү дарыянын башатын табууга аракет кылышкан. Ошондон тарта дарыя Рузвельттин атын алып жүрөт.

Бенжамин Харрисон - жээнине үйлөнгөн

Сүрөттүн автордук укугу HILTON ARGHIVE
Image caption АКШнын 23-Президенти Бенжамин Харрисон.

Теодор Рузвельт 1889-1893-жылдары президенттик кызматта турган Бенжамин Харрисонго жаман мамиле кылган. Ал аны "кыска ой жүгүртөт, көкбет, бир беткей чечим чыгарган, коркок, кошоматчы саясатчы» деген сөздөр менен атаган.

Анын бул мүнөздөмөсү АКШнын 23-Президентине өзүнөн 25 жаш кичүү жээнине үйлөнүүсүнө тоскоол болгон эмес. Харрисондун биринчи жубайы Каролайн 1982-жылы кургак учуктан каза тапкан. Төрт жылдан кийин ал жээни Мэри Диммик менен баш кошкон. Ошол учурда эр жетип калган балдары үйлөнүү үлпөтүнө келүүдөн баш тартышкан.

Жорж Вашингтон - виски өндүрүүчү

АКШнын биринчи Президенти кызматынан кеткенден кийин эки жыл гана өмүр сүргөн. Ал эки жыл аралыгында убактысын виски даярдоо менен өткөргөн.

1799-жылы Вашингтон каза тапкандан кийин, анын Вирджиниядагы виски өндүргөн заводу жылына 50 миң литр алкоголь чыгарып турган. Ал учурда өлкөдөгү эң ири завод эсептелген. Айтмакчы, бул завод азырга чейин бар.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption «Вашингтон» вискисин негизинен туристтер сатып алат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар