Башар Асаддын реформатордон диктаторго чейинки репутациясы

  • 8 февраль 2017
Башар Асад Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Сириянын бийлиги кайрадан массалык репрессиялар үчүн айыптоолордун чордонунда калды.

Amnesty International уюму соңку докладында Дамасктагы Сайедная абагында соттун чечими жок эле 5 миңден 13 миңге чейин эркинен ажыратылгандар өлтүрүлгөнүн айтты. Сириянын бийлиги бул айыптоолорду четке кагып, кыйноолор жана соттун чечими жок жазалоолорго катыштыгы болбогонун билдирүүдө.

Деген менен Сириядагы массалык репрессиялар тууралуу докладдар көп эле жасалып келген. Батыш өкмөттөрү жана укук коргоочулар Башар Асаддын өкмөтүн репрессиялар боюнча айыптаган орунттуу учурларга токтолобуз.

Тумчуккан реформа

Башар Асад 2000-жылы Сирияны 30 жыл башкарган атасы Хафез Асад каза тапкандан кийин бийликке келген. Анын башкаруусундагы бир жыл бүтүндөй кезекке турган реформалардын башаты менен эсте калды. Алгач ирет көз карандысыз гезит жарык көрөт, кабелдик телеканадар жана FM-радиостанциялар ишке кирет, өкмөттүк эмес уюмдар жана укук коргоочулардын уюмдары иштеп баштайт.

ММКда сын макалалар пайда болуп, саясый форумдар иштеп, мамлекеттик эмес окуу жайлар ачылат. Дамаскта болсо жеке менчик банк ишин баштайт.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Беш жылга созулган жарандык согуштан кийин Сириянын чоң шаарлары, анын ичинде Алеппонун көп бөлүгү урандыга айланды.

2000-жылдын ноябрь айында Башар Асад саясый негизде эркинен ажыратылган 600 кишини эркиндикке чыгарат. Акырындап өкмөттүн курамы өзгөрүүгө учурайт. Көп жылдардан кийин биринчи жолу министрликте турган аскер адамдарынын ордун 50 жашка чейинки башка тармактын адистери алмаштырган. Бирок бул жигердүү өзгөрүүлөр көпкө созулган жок.

2001-жылы «Дамаск жазы» деп аталган кыймылдын мүчөлөрү камакка алынган. Кыймыл реформа үчүн чыккан жана 1962-жылы киргизилген өзгөчө кырдаал абалын жокко чыгарууну талап кылган.

Башар Асад экономикалык реформаларды баштаган. Бирок эксперттер мындан көбүрөөк элита өкүлдөрү пайда көргөнүн айтышат. Социалдык лифтилер мурдагыдай эле маанисиз иштеген. Аналитиктер реформаларга мурунку бийлик учурунда иштеп, кийин дагы кызматын сактап калган "эски гвардия" активдүү тоскоолдук жаратканын белгилешет. Ошондой эле Башар Асадка бир тууганы Махер жана аталаш тууганы белгилүү бизнесмен Рами Махлуф кысым кылганы айтылып жүрөт.

Каршылык жүрүштөрү

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Өкмөткө каршы чыгуулар 2011-жылы март айында Сириянын түштүгүндөгү Дерра шаарынан башталды.

Укук коргоочулардын докладдарында 2009-2010-жылдары Сирияда адам укугун бузуу массалык мүнөздө катталган. Бирок ал учурда саясый негизде дарга аскан, каршы маанайдагыларды массалык түрдө камакка алуулар тууралуу сөз да жок эле.

Өкмөткө каршы чыгуулар 2011-жылы март айында Сириянын түштүгүндөгү Дерра шаарынан башталды. Анда кишилер өзгөчө кырдаал абалын жоюну жана саясый реформаларды талап кылган. Каршылык акциясын катаал чаралар менен басышкан, маалыматтарда 100 киши өлгөнү айтылат.

Сириянын өкмөтү радикалдуу саясый реформаларга баруу убадасын берген. Бирок бул толкундоолорду басууга жараган жок.

Репрессиялардын тарыхы

Сүрөттүн автордук укугу SAMI
Image caption Коркунучтуу сүрөттөлүштөрдү абакта жатып, өз башынан өткөргөндөрүн тарткан сириялык сүрөтчүнүн эмгектеринен да көрсө болот.

Amnesty International Сирия бийлиги ондогон жылдар боюу башкача пикири бар кишилерди кыйноого алуу жолу менен жок кылып келген деп эсептейт. Тээ 1987-жылдары эле Amnesty Сириянын түрмөлөрүндө кыйноонун 35 ыкмасы такай колдонулуп келгенин каттаган.

"Бирок 2011-жылы Сирия өкмөтүнүн эркинен ажыратылгандарга карата мыйзам бузуулары масштабы жагынан да,оор кесепетин алганда да кескин көбөйгөн",-деп белгилейт укук коргоочулар.

2014-жылы январь айында Сириядагы абакта мурда фотограф болуп иштеген кызматкер болжолу 11 миңдей кишинин сөөгүн тартылган сүрөттү жарыялаган. Болжолу алардын баары 2011-2013-жылдар аралыгында Сириянын өкмөттүк күчтөрү көзөмөлдөгөн аскер госпиталында өлтүрүлгөн болушу мүмкүн.

Коркунучтуу сүрөттөлүштөрдү абакта жатып, өз башынан өткөргөндөрүн тарткан сириялык сүрөтчүнүн эмгектеринен да көрсө болот. Ал өзү сыяктуу жылаңач, эркинен ажыратылган кишилер үйүлгөн өлүк денелердин арасына ыргытылганын көрө берип, өлүмгө да кайдыгер болуп калганын айтып берген.

Сирия армиясынын жарандык согуштун жүрүшүндөгү катаал аракеттери тууралуу да көп сөз болду. Аскер учактары, артиллерия калк жашаган аймактарды аткылоого алган мисалдар бар. Ошол эле учурда оппозицянын дагы бул сыяктуу катаал аракеттери болгон.

Башар Асаддын өкмөтү абактарда ачкачылык, кыйноолор жана соттун чечимисиз жазалоодон миңдеген кишилер өлгөн деген эксперттердин докалдын четке кагып жатат. Сирия бийлиги активисттер тарабынан көрсөтүлгөн сүрөттөр Асадка басым көрсөтүү үчүн саясый курал болууда деп билдирүүдө.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар