Кытайга киргендердин манжасынын изи алынат

аэропорт Сүрөттүн автордук укугу YURI SMITYUK\TASS

Кытайга сырттан кирген чет элдиктердин баарынын манжасынын изи алынат деп билдирди өлкөнүн Коомдук коопсуздук боюнча министрлиги.

Жаңы система алды менен Шэньчжэнь шаарындагы эл аралык аэропортунда сыноодон өтөт. Бул аэропортто 10-февралдан тарта сырттан келгендердин манжа изи алынып баштайт. Жыл соңуна чейин өлкөгө кирген чек ара өтмөктөрүнүн баарына ушундай система киргизиле турган болуп жатат.

Манжасынын издерин 14 жаштан 70 жашка чейинки чет өлкөлүк жарандар тапшырууга тийиш. Мунун чет элдик дипломаттарга тиешеси жок. Кытай бийлиги бул аракетин бир катар өлкөлөрдө көптөн бери колдонулуп жаткан ыкмага таянып жатканы менен түшүндүрдү.

Тема боюнча башка макалалар