Апелляциялык сот Трамптын жарлыгына каршы чечим чыгарды

иммиграция Сүрөттүн автордук укугу AFP

Сан-Францискодогу апелляциялык соту өкмөттүн иммиграциялык чектөөнү калыбына келтирүү өтүнүчүн канааттандырган жок.

АКШ Президенти Дональд Трамптын иммиграциялык чектөөлөр боюнча жарлыгында жети мусулман өлкөcүнүн - Судан, Йемен, Ливия, Сомали, Ирак, Иран жана Сириянын жарандарына 90 күнгө чейин АКШга кирүүсүнө тыюу салынган эле.

4-февралда Сиэтл федералдык соту Вашингтон штатынын прокурорунун арызы боюнча бул ишти карап, Президенттин жарлыгын Баш мыйзамга каршы келет деген чечим чыгарган. Буга каршы болгон Юстиция министрлиги Сан-Францискодогу апелляциялык сотко кайрылган. Апелляциялык сот дагы Сиэтл федералдык сотунун чечимин колдоп, жарлыктын ишке кирүүсүнө убактылуу чек койду.

Сүрөттүн автордук укугу @REALDONALDTRUMP/TWITTER

Дональд Трамп соттун чечимине чукул реакциясы жасады. "Сотто кезигебиз. Ортого биздин өлкөнүн коопсуздугу сайылган»,-деп жазды өзүнүн "Твиттердеги" баракачасына.

Судья жарлык бул иш сотто териштирлип бүткөнгө чейин убактылуу иштейбейт деп түшүндүрдү. Иммиграциялык чектөөлөрдү киргизген Президенттин жарлыгы өлкө ичинде да, сыртында да талаштуу пикирлерди жараткан.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар