Жаңы Зеландияда жүздөгөн киттер жээкке өзүн ыргыткан

киттер Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Жаңы Зеландияда 400гө чукул кит жээкке өзүн таштап өлгөн. Волонтерлор окуя болгон жерге келгенде жээкке өзүн урган киттердин көбү өлүп калган экен деп билдирди өлкөнүн табиятты коргоо департаменти.

Киттердин мындай массалык түрдө өзүн өлтүрүүсү бул өлкөдө катталган мындай окуялардын эң масштабдуусу болуп калды.

Сүрөттүн автордук укугу AP

Департаменттин маалыматына караганда, Голден-Бей булуңунда жээкке урунган киттердин саны 416. Алардын дээрлик 70 пайызы өлгөн. Департаменттин кызматкерлери волонтерлор жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте тирүү калган киттерди куткарууга аракет кылууда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Киттердин аман калгандарын куткарууда көп кыйынчылыктар болуп жатат. Аларды ачык деңизге коео берүүгө өлгөн киттердин оор денелери тоскоолдук кылууда. Бирок ошого карабастан департаменттин өкүлдөрү тирүү калган киттердин көбү сууга түшүрлгөнүн кабарлады.

Киттердин өзүн өзү массалык түрдө өлтүргөн учурлары көп катталат. Алар жээкке өздөрүн таштаган учурда куткаруу иши кыйынга турат. Өткөн жылдын январь айында Индиянын Тамилнад штатында жүзгө чукул кит жээкке өзүн ыргыткан. Жергиликтүү тургундар болгону 30 китти гана аман сакташкан.

Киттердин эмнеге өзүн жээкке ыргытаары тууралуу окумуштуулардын бир пикири жок. Айтылган теориялардын бирине таянсак, бир же бир нече кит кырсыкка учураганы тууралуу белги бергенде киттердин баары артынан барышы мүмкүн.

Тектеш темалар