Израиль Жакынкы Чыгыштагы жаңы согуш коркунучуна жакындап жатабы?

Израилдин түндүк фронту көп жылдык тынчтыктан кийин кайрадан кооптуу аймак болуп калды. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Израилдин түндүк фронту көп жылдык тынчтыктан кийин кайрадан кооптуу аймак болуп калды.

Таштак дөбөлөр, бадалдуу адырлар. Төмөндө күзөтчүлөр өткөн унаа жолу жана чек ара тосмосу.

Израиль кармап турган аймактагы чек ара пейзажы ушундай көрүнүштө. Сирия менен чектешкен азыркы чек ара тилкесин мага жаш лейтенант көрсөтүп жатат - болжолу бул жердин каршысындагы эңкейишке чейинки жолдун үчтөн бириндей бар. Эки чакырымдай артта калган эңкейиштен ары карай Иордания чек арасы.

Бул Сирия менен Израиль ортосундагы фронттун сызыгы.

Сириянын армиясы Голан бийиктигинен 1967-жылы Израиль тарабынан сүрүп чыгарылган. Бул окуя Алты күндүк согуштун жүрүшүндө болгон эле. 1981-жылы Кнессет бул стратегиялык плацдармды Израилге таандык деген мыйзам кабыл алган. Азыркы учурда Голан дөңсөөсү бекем чыңдалган район.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Голан дөңсөөсүнөн Сириядагы салгылашуулар көрүнүп турат.

Биз "Меркава" танктарынын бөлүгү менен алдыга жылып баратабыз. Качандыр бир бул жерде Израиль менен Сирия армиясынын ортосунан демаркация сызыгы өткөн. Ок атышпоо келишимин сактоо үчүн БУУнун байкоочулары көз салып турушкан. Бирок иш жүзүндө аймак 1973-жылдан бери Израилдин чек арасынын эң тынч участогу саналып келген.

Бардыгы Сириядагы жарандык согуштан кийин өзгөрдү. Аймактын географиясы ансыз деле жөнөкөй эмес болчу. Бирок Сириядагы согуш бул жердин стратегиялык картасын өзгөрттү. Голандын түштүгүнүн каршысындагы жерди “Ислам мамлекети” террордук тобуна ант берген жергиликтүү согушкерлер көзөмөлдөп турат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Израиль аскерлери согушкерлердин машыгууларына байкоо салып, алар жайгашкан аймактан көз албай турушат.

Израиль аскерлери согушкерлердин машыгууларына байкоо салып, алар жайгашкан аймактан көз албай турушат. Алар менен көйгөй жаралган учурлар сейрек. Израилди көбүрөөк кабатыр кылганы Сириянын түндүгүндө болуп жаткан окуялар. Сирия өкмөтү Иран жана анын союздаштары - ливандык куралдуу шиит тобу “Хезболланын” колдоосу менен жеңишке жетишкенден кийин эмне болот?

Тель-Авив университетинин Жакынкы Чыгыш боюнча изилдөөлөр борборунун илимий кызматкери, профессор Ашер Суссер кырдаалды мындайча мүнөздөдү:

"Сириядагы өзгөрүүлөрдөн кийин Иран мурда кийин болбогондой Израиль менен чек арага жакын келди”,-дейт. Анын айтымында, Иран менен “Хезболланын” кызматташтыгы Ливан-Израиль чек арасында эле эмес, Израиль-Сирия чек арасында да болбойбу деген теорияга себеп болууда.

"Израиль буга чейин түндүк чек арасында мындай кырдаал менен бет келген эмес", -деп белгилейт Суссер.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Израилдин "Меркава" танктары Голан дөңсөөсүндөгү кайгуулда.

Ирандын коридорубу?

Тегеран менен Сириянын максаты эмнеде? Бул суроо менен Израилдеги экинчи каналдын белгилүү алып баруучусу Эхуд Яариге кайрылдым.

"Ирандыктардын стратегиялык максаты Иран менен Ливандагы “Хезболла” тобунун ортосундагы каридорду түзүү. Ал аркылуу Жер Ортолук деңизге жана Израилдин чек арасына чыгууда болуп жатат”,-деди Яари.

Яари бул коридорду мүмкүн Ирандан Ирактын шииттер жашаган аймагы аркылуу өтүп, андан Ирактын батышындагы чөл менен Асадка жана"Хезболлага" биригет деп болжойт.

"Стратегиялык көз караш менен алганда бул Израиль үчүн кооптуу”,-деп кебин улады Яари.

Албетте, Иран Сириядагы согушка аралашып жаткан жалгыз өлкө эмес. Башар Асаддын режимине колдоо көрсөткөн Орусия аба чабуулдары аркылуу маанилүү роль ойноп жатат. Орусия Сириядагы аскер контингенти кыскарганы тууралуу эки жолу билдирүү жасаган. Бирок бул өлкөдөн кетчүдөй түрү жок.

Орусия менен байланышкан кыйынчылыктар

Чөлкөмдө орусиялык аскер учактарынын, өзгөчө абадан боло турган чабуулдарга жана ракетага каршы жабдыктардын болушу Израилдин аба күчтөрү үчүн кырдаалды кыйындатты. Израиль бир нече ирет “Хезболлага” абадан жана артиллериядан чабуул жасаган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Oрусиялыктардын чөлкөмдө жайгашуусу Израиль аба күчтөрүнүн аракеттерине олуттуу таасирин тийгизбейт.

Эхуд Яари мага айтып бергенине караганда, орусиялыктардын чөлкөмдө жайгашуусу Израиль аба күчтөрүнүн аракеттерине олуттуу таасирин тийгизбейт.

"Ортодо өз ара түшүнүшүү бар. Орусча сүйлөгөн израилдик аба күчтөрүнүн офицерлери Сириядагы орус офицерлерине ар кандай инциденттерге жол бербөө үчүн өз аракеттерин координациялоону маалымдап турушат”,-деп түшүндүрдү ал.

Орусия менен Ирандын стратегиялык кызыкчылыктары ар башка болгон үчүн мындай келишип иштөөгө мүмкүн болуп жатса керек дейт Яари. Андан сырткары орустар “Хезболлага” курал жеткирүүнү коргоого кызыкдар эмес.

Күчөп жаткан коркунуч

Бир катар аскердик докладдарда болжонгондой, "Хезболла" жана анын күчөп жаткан куралдануусу Израилдин коопсуздугуна негизги коркунуч саналууда.

"Хезболланы" профессионалдуу даярдыгы аны топураган куралдуу топ катары эмес, уюшкан аскер бөлүгү катары кароого негиз берет.

"Алар сириялык жаңжалда чоң жоготууларга учурады. Ошону менен бирге эле согуштук мол тажрыйбага ээ болушту”,-деп айтып берди мага израилдик генералдардын бири.

"Хезболла" Ливандын түшүтүгүнө мыкты куралдануу менен жайгашып алган. Алардын коркунучун көпчүлүк израилдик аскер эксперттери Ирандын колдоосу алында Сириянын түштүгүнө платформа түзүп алышы мүмкүндүгүн айтышат. Азыркы учурда бул эми реалдуу коркунучка караганда потенциалдуу кооптонуу катары каралууда.

Профессор Ашер Сассер бул жерде көп нерсе аймактык альянстардын ортосундагы кызыкчылыктарда Орусия кандай позицияны карманарынан көз каранды дейт. Сириядагы согуш качан бүтөрүн эч ким билбейт. Бир катар израилдик эксперттер, Иран колдоого алган согушкерлердин Сирияга жайгашуусун чектеген аймактык келишим болуп калышы мүмкүн деп үмүттөнүшөт.

Тектеш темалар