Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүүдө

2012-жылы өткөн президенттик шайлоодо Бердымухамедов шайлоочулардын 97 пайызга чукул добушун алып, жаңы мөөнөткө шайланып келген. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption 2012-жылы өткөн президенттик шайлоодо Бердымухамедов шайлоочулардын 97 пайызга чукул добушун алып, жаңы мөөнөткө шайланып келген.

Түркмөнстанда добуш берүү жайлары ишин баштады. Мамлекет башчылык кызматка тогуз талапкер ат салышууда. Талапкерлердин арасында учурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов дагы бар.

Добуш берүү 2578 шайлоо участкасында өтүп, саат 19:00гө чейин уланат. Шайлоого көз салып жаткан байкоочулар арасында Демократиялык институттар боюнча бюросунун, ЕККУнун, БУУ, ШКУ жана Ислам кызматташтык уюмунун өкүлдөрү бар.

Ѳткөн жылдын сентябрь айында Президент Гурбангулы Бердымухамедов өлкө конституциясынын жаңы редакциясын бекиткен эле. Ага ылайык Президент болуу үчүн коюлган талаптардын ичинен жаш курагындагы чектөө алынган. Ошондой эле президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга узартылган.

Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылдын декабрь айында, өлкөнү 1991-жылдан бери башкарып келген Сапармурат Ниязов каза тапкандан кийин бийликке келген.

2012-жылы өткөн президенттик шайлоодо Бердымухамедов шайлоочулардын 97 пайызга чукул добушун алып, жаңы мөөнөткө шайланып келген.

Тектеш темалар