"ИМ" согушкерлери Пальмираны жардырууга даярдык көрүүдө

"ИМ" согушкерлери тарабынан байыркы эстеликтердин көбү жок кылынган Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "ИМ" согушкерлери тарабынан байыркы эстеликтердин көбү жок кылынган.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун согушкерлери чегинүү алдында Сириянын Пальмира шаарындагы көөнө эстеликтерди таптакыр бүлүндүрүүгө ниеттенип жатат деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат жана коммуникация департаменти.

Маалыматта орусиялык учкучу жок башкарылган учактар байыркы шаардын айланасында "ИМ" тобунун оор жүк тарткан унааларынын кымгуут кыймылын байкаган.

"Бул деген - "ИМ" экстремисттик тобу чегинип баратып, байыркы архитектуралык эстеликтердин урбай турган бөлүктөрүн биротоло жок кылуу үчүн жардыргычтарды ташып жатканын күбөлөйт",-деп айтылат билдирүүдө.

Дүйшөмбүдө Коргоо министрлигинин YouTube сайтындагы расмий порталында муну далидеген тасма чыкты.

Өткөн жылдын март айында сириялык аскер күчтөрү байыркы Пальмира шаарын толугу менен бошоткондо "ИМ" согушкерлери тарабынан байыркы эстеликтердин көбү жок кылынганы белгилүү болгон. "ИМ" тобу шаарды дээрлик 10 ай өз көзөмөлүндө кармап турган. 2016-жылдын декабрында согушкерлер кайрадан Пальмираны ээлеп алып, Башар Асаддын күчтөрүн сүрүп чыгарган.

Январь соңунда Сириянын бийлиги өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун жихадчылары шаардагы белгилүү эки тарыхый эстеликти уратканын билдирген эле.

Пальмира ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген байыркы шаар. Сириядагы жарандык согушка чейин бул шаарга жылына 150 миңге чукул турист келген.

Тектеш темалар