Алтайда кырсыкка кабылган тик учак изделүүдө

Robinson үлгүсүндөгү тик учак Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock
Image caption Robinson үлгүсүндөгү тик учак.

Орусиянын Алтай аймагында Robinson үлгүсүндөгү тик учакты издөө иштери таң атары менен жанданды. Тик учак аймактагы Телец көлүнө жакын жерде кырсыкка учураган деп айтылып жатат.

Такталган маалыматтарга караганда, тик учакта беш киши болгон, алардын ичинде Алтай республикасынын мурдагы вице-премьер министри болгон. Кырсыктан каза тапкандардын биринин сөөгү табылган. Тик учактын кырсыкка кабылган аймагы табыла элек.

Издөө иштерине 250 киши тартылды, жергиликтүү тургундар да кошулду. 40 жакын техника иштеп жатат деп билдирген РИА Новости агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Тик учак жеке менчик болгон. Кырсык учурунда аба ырайы бузулуп турганы айтылды.

Орусиялык агенттиктер тик учакта Алтайдын мурдагы вице-премьер министри Анатолий Банных болгонун жазышты. Азырынча Robinson тик учагында кимдер болгону тууралуу расмий маалыматтар айтыла элек. Аймактар аралык учкучтардын коомдук уюмунун сайтында тик учактын бортунда беш киши болгону кабарланган.

Алтайдын мурдагы вице-премьер министри Анатолий Банных буга чейин 2009-жылы Алтайда аркарларга аңчылык кылып жүрүп, Ми-171 үлгүсүндөгү тик учакта кырсыкка кабылган. Анда жети киши каза тапкан. Анатолий Банных кырсыктан аман калган үч кишинин бирөөсү болгон. Кырсыктан набыт кеткендердин бири Орусия президенттинин Мамдумадагы өкүлү Александр Косопкин эле. Кийин Банных менен тирүү калган эки кишини мыйзамсыз аңчылык боюнча соттошуп, кайра акташкан.

Кечээги кырсык фактысы боюнча Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Транспорттук прокуратура тик учак карамагында болгон «Алтай Авиа» компаниясын текшерүүгө киришти.

Тектеш темалар