Пакистанда сот «Валентин күнүн» белгилөөгө тыюу салды

Пакистанда сот «Валентин күнүн» белгилөөгө тыюу салды Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Пакистанда соңку жылдары «Сүйүшкөндөр күнү» кеңири кулач жайып, абдан популярдуу болуп бараткан эле.

Исламабаддын Жогорку соту баш калаада «Валентин күнүн» белгилөөгө тыюу салып, бул мусулман маданиятына каршы келет деди.

Майрамдын урматына коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде өткөрүлө турган фестиваль, оюн-зоок иш чараларга сот бөгөт койду.

Сот массалык маалымат каражаттарын дагы «Валентин күнүнө» байланышкан материалдарды чыгарбоо, жаранама кылбоого милдеттендирди. Дүкөн жана ресторандарга сот тыюу салынган эмес, ошондуктан айрым ресторандар майрамдык иш-чараларын жарнамалап жатат деп жазды Франс Пресс агенттиги.

Пакистанда соңку жылдары «Сүйүшкөндөр күнү» кеңири кулач жайып, абдан популярдуу болуп бараткан эле. Ѳлкөнүн ири шаарларында майрам активдүү белгиленип келген. Бирок көптөгөн диний топтор майрамга каршы пикирлерди таратышкан.

Бир жыл мурун өлкөнүн Президенти Мамнун Хусейн «Валентин күнүн» майрамдоодон оолак болгон эле жакшы, бул майрам Пакистандын маданиятына өөн көрүнүш деп билдирген эле. Буга улай Кохат шаарында 14-февралга карата открытка жана башка майрамдык белектерди сатууга жергиликтүү бийлик тыюу салган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар