Түндүк Кореяга каршы чараларды күчөтүү келишими

Ким Чен Ын КЭДРди Чыгыштагы аскердик өлкө деп атаган. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ким Чен Ын КЭДРди Чыгыштагы аскердик өлкө деп атаган.

Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөндөн кийин чөлкөмдөгү коопсуздукту сактоо үчүн АКШ, Түштүк Корея жана Япониянын аскер жетекчилери өз ара кызматташтыгын күчөтүп, чалгын маалыматтары менен бөлүшүп турууга макулдашты.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги үч тараптуу болгон телефон сүйлөшүүсүнөн кийин, АКШ коопсуздук жаатында Токио жана Сеул менен активдүү кызматташуу ниетин билдирди деп жарыялады.

Түштүк кореялык "Ренхап" агенттиги март айына белгиленген биргелешкен аскердик машыгууга америкалык "F-22" үлгүсүндөгү аскер учактары, суу алдында сүзүүчү кемелер катышат деп жазды.

АКШ Президенти Дональд Трамп мунун алдында КЭДРди олуттуу маани бере турган "чоң-чоң көйгөй" деп атаган. Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөнүн БУУнун Коопсуздук кеңеши дагы сындады. Коопсуздук кеңеши КЭДР бул аракети менен резолюцияны одоно бузду деди.

Дүйшөмбүдө Түндүк Корея бийлиги баллистикалык ракета сыноосу ийгиликтүү болгонун расмий маалымат каражаттары аркылуу кабарлаган. Маалыматта баллистикалык ракета коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн кыска аралыкка гана коео берилгени белгиленген.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги ракета Япон деңизи тарапты көздөй 500 чакырым аралыкка атылганын билдирген эле.

Пхеньяндын баллистикалык ракетаны сыноодон өткөргөнү тууралуу кабарлар АКШ Президенти Дональд Трамп менен Япониянын премьер-министрии Синдзо Абэнин жолугушуусуна туура келди.