«Баңгимандын жашоосу бул -тозок»

баңгизат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Биринчи жолу баңгизатын колдонгондо Киматшо 14 жашта, Фаина 20 жашта, Александр 22 жашта эле.

Алардын ар биринин өзүнүн тарых-таржымалы болгон. Ал тарыхта үй-бүлөсү, достору, келечекке кыялы, пландары жаткан. Анан албетте, биринчи жолу баңги колдонгон тажрыйбасы...

Ушундан кийин ВИЧ илдети, коркунуч жана жалгыздык алардын дүйнөсүн ээледи.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматында өлкөдө баңгиге көз каранды болгон 7067 киши бар. Алардын көпчүлүгү укук коргоо органдарынын көзүнө чалдыгуудан коркуп, мамлекеттик мекемелерде дарылануудан баш тартышат.

Көз карандысыз эксперттердин баасында чыныгы сандар расмий статистикадан алда канча көп. Эгерде 2012-жылдагы сандарды алсак, анда 7135 киши деп көрсөтүлгөн. Демек беш жылдагы көрсөткүч менен көп деле айырма жок.

Өлкөнүн Баңгизатка каршы күрөшүү агентигинин жетекчиси Шерхон Салимзода жакында эле берген маалыматында, өткөн жылы республикада үч тоннага жакын баңгизаттар кармалаганын билдирген. Бул 2014-жылга салыштырганда бир тоннага аз.

"БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда 2015-жылы Ооганстанда опийим өндүрүү азайып, аянттар 41 миң гектарга чейин кыскарган",-деп билдирген Шерхон Салимзода.

БУУнун 2016-жыл боюнча соңку отчетуна таянсак опийим өндүрүү кайрадан көбөйүп, аянттары 20 миң гектарга кеңейди. Расмийлер азырынча кургак сандар менен алектенип жаткан учурда коркунуч жана кыйноо менен жашаган баңгизатка байланган кишилердин тагдыры жана алардын жакындарынын абалы көмүскөдө кала берүүдө.

Киматшо Юсуфшоев, 40 жашта

Баңгизаты менин жашоомду эле талкалабастан агам менен эжемдин эрте өлүмүнө себеп болду. Мен аларга өзүмдүн жашоомду айтып берип, мындан оолактаткым келген. Бирок баңгизатка көз карандылык жеңип кетти.

1993-жылы менин үй-бүлөм жарандык согуштан качып Памирге барган. Ошол жактан биринчи жолу баңгизатын татып көрдүм. Анда мен 14 жашта элем. Бир жолу менин тишим абдан катуу ооруду. Кышында райондун борборуна ооруканага баруу мүмкүн эмес эле. Ал согуштук мезгилде Памирде биз сыяктуу качкындар көп болчу. Тиш оору мени көп күн кыйнады. Анан менин бир таанышым ооруну сездирбеш үчүн опийим ичүүнү сунуштады. Жанды кыйнаган оору чындап эле басылды. Экинчи күнү кайра тишим ооруду, кайрдан опийим дарысын издеп бардым.

Анда баңгиазатын табыш кыйын деле эмес эле. 90-жылдары ооган-тажик чек арасын кайтарып турган орусиялык чек арачылар менен сүйлөшүп, кыска мөөнөткө Пянж аркылуу кайык менен ооган тарапка барып келүүгө уруксат алчубуз. Ал жерден баңгизатын сатып алып, кайра келип калат элек. Көп өтпөй мен героинге олтурдум. Ал учурда кийин соңу эмне болорун ойлогон эмесмин. Башында оорудан кутулуу үчүн гана колдонгомун. Мен азыр бизди коом жээрип, тагдырыбыз талкаланып, мүңкүрөп турган абалыбызды көп ойлоном.

_________________________________________________________

Салыштырмалуу алганда Тажикстандагы жумушсуздук жана айлык акынын төмөндүгүнөн улам наркотрафиктин көңүлүн бурган базар деп деле айтууга болбойт. Ѳлкөнүн легалдуу экономикасы СССР урагандан кийин, артынан жарандык согуш тутанганда дээрлик талкаланды.

ЦРУ маалыматына караганда, 1998-жылы Тажикстандын ички-дүң продукциясы 1990-жылга салыштырганда 57% төмөн болгон. Ички-дүң өндүрүмү киши башына 180 долларга туура келген. Бул КМШ өлкөлөрүндөгү эң төмөн көрсөткүч эле. Азыр болсо 1036 доллардан туура келет. Ооганстан менен коңшу болгондуктан жакыр жашоодо деле баңгизатын табууга мүмкүн болгон.

Александр, 48 жашта

Мен Москвадагы Щукинск окуу жайында окучумун. 1985-жылы катуу зилзаладан кыйраган Хужанд шаарыма кайтып келдим. Ата-энем үй-жайсыз калып, жардам керек болду. Ал мезгилде кыйроо чоң болду. Убактылуу эле кичи мекениме келгемин. Андан кийин армияга кеттим, СССР урады, жарандык согуш дүрт алды. Окуумду бүтүргөнгө болбой калды. Демек бул тагдыр болсо керек.

90-жылдары баңгизат колдонуу мода сыяктуу болчу. Коңшуларым дагы, достор да колдонгон. Тилекке каршы алардын көбү ошонун азабынан оо дүйнө кетишти.

Баңгизатын табуу оңой эле болчу ал учурда. Андан кийин героин чыкты. Бул эмне экенин эч кимибиз билген эмеспиз. Аны башында бекер сунушташты.

Жубайым менен абакка түшүп калганымдан кийин ажыраштык. Баңгизатка байланыштуу үч ирет соттолдум. Биздин өлкөдө баңгизаттын курмандыгы болгондор менен күрөш жүргүзүшөт. Аларды аңдып турушат, а аларга баңгиазт саткандарды эмнеге аңдышпайт?

Героиндин бир дозасы 100 сомониге чейин (болжолу 13 доллар). Баарынын эле буга каражат тапканга мүмкүнчүлүгү жок болуп, аларды дарыгерлердин кароосу гана аман сактап калышы мүмкүн.

Фаина, 37 жашта

Мен Башкорстанда туулгам. 90-жылдары менин апам Көргөн-Төбөдөгү орусиялык базада кызмат кылган өгөй атама көчүп келди. Бир топ жылдан кийин жакындарым мекенибизге кайтып кетишти. Мен ошол жакта калып калдым.

Турмушка чыгып кыз төрөдүм, бирок кийин ажырашып кеттим. Героинди биринчи жолу курбуларым менен көңүл ачып олтуруп, 20 жашымда татып көрдүм. Бир жарым айдан кийин мен өзүмө ээ боло албагандай абалда калдым. Курбум буга мен колдонуп жаткан порошок күнөлүү экенин айтты.

Бир жылдан кийин гана мен кандай көйгөйгө кабылганымды аңдадым. Өз алдымча андан чыгууга чамынып көрдүм. Бир аз убакытка гана эрким жетип, кайра мурдагы абалыма түшүп калып жаттым. Акчаны сойкулук кылып табууга өттүм.

Жашоомдун жакшы бурулушу да болду. Дүйшөмбү шаарына келгенимде мага абдан кымбат болуп калган адамыма жолуктум. Ал мени баңгизаттан чыгаруу үчүн ооруканага дарылатты. Бирок мен кайра эле жарылып кеттип жаттым. Акыркы жолу бир жыл чыдап, андан кийин эрким бошоп кетти.

Бул кымбат адамым менен тогуз жыл бирге жашадык. Анан ажырашып кеттик. Азыр эми менин жашоомдун баары баңгизатка байланган. Кантип акча табам, кантип сатым алам дегенден башка ой жок. Башымдын катуу оорусун сезбеш үчүн колдоном, кайра колдоном, кечинде алганымды эрте мененкиге үнөмдөйм. Бул тозоку жашоо. Жакында эле ВИЧке кабылганымды билдим.

________________________________

Ооганстандан ташылган баңгизаттарын Орусия, андан ары Европага чыгарган түндүк өткөөл катары эсептелген Борбор Азия чөлкөмүндө бара-бара баңгизат колдонгондор саны дагы көбөйүүдө. Баңгимандардын көбөйгөнү ВИЧ/СПИД илдетинин тарашына себеп болууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул илдеттин негизги тароо жолун баңгизат колдонуудан улам деп билдирген.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар