MH17 кыйроосу: Bellingcat «Бук» комплексин алып келген офицерди атады

Ѳткөн жылдын сентябрь айында Эл аралык тергөө тобу "Бук" системасынынан атылган ракета Снежное деп аталган кыштактан кое берилгенин билдирген. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ѳткөн жылдын сентябрь айында Эл аралык тергөө тобу "Бук" системасынынан атылган ракета Снежное деп аталган кыштактан кое берилгенин билдирген.

Bellingcat Эл аралык иликтөө тобу малайзиялык "Боинг" MH17 учагы атып түшүрүлгөн болушу мүмкүн деген «Бук» ракеталык комплексин Донецк аймагына жеткирген киши тууралуу маалыматтарды жарыялады.

Маалыматтарга караганда Belligcat тобу эки доклад даярдаган. Алардын бири сайтына жарыяланып, экинчиси голландиялык тергөөчүлөргө жиберилген. 2014-жылы июлда Донбасстын үстүндө кыйроого учураган МН17 каттамын иликтөө иштерин голландиялык тергөөчүлөр жүргүзүүдө.

Коомчулукка жарыяланган докладда «Буктун» транспортировкасын ишке ашырган орусиялык офицер тууралуу маалымат камтылган. Ракеталык комплексти алып келе жаткан учурдагы телефон сүйлөшүүлөрү жазылып калган.

Расмий тергөөдөн айрымаланып Bellingcat тобу бул кишинин ысмын атады. «Хмурый» деген каймана аты менен белгилүү экен. Андан сырткары "Зубр", "Бизон" деген жашыруун атка ээ. Тергөөчүлөр бул киши Донецкте туулуп өскөн, Ооганстанда кызмат өтөгөн мурдагы советтик офицер деп айтууда. Ал Ростов аймагында жашайт, болжолу 2014-жылдары укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн.

Bellingcat докладында анын сүрөтү да көрсөтүлгөн. Доклад авторлору азырынча «Букту» ким башкарганы тууралуу ынанымдуу далилдери жок экенин белгиледи. Бирок оор куралды украин аймагына алып кирген орус аскер адамдарынын ысымдары белгилүү деп айтууда. Алар МН17 кырсыгынан кийин, 2014-жылы июндун аягында жана июлдун башында аскер кызматынан бошотулган.

Азырынча орус тарап буга реакция бере элек.

Ѳткөн жылдын сентябрь айында Эл аралык тергөө тобу "Бук" системасынынан атылган ракета Снежное деп аталган кыштактан кое берилгенин билдирген. Тергөөнүн жүрүшү 2018-жылга чейин узартылган эле.

Амстердамдан Куала-Лумпурга багыт алган "Боинг-777" учагы 2014-жылы 17-июлда орусиячыл куралдуу күчтөр көзөмөлдөгөн чыгыш Украинанын үстүнөн атып түшүрүлгөн. Андагы 298 жүргүнчү бүт курман болгон.

Тектеш темалар