Малайзияда Ким Чен Намдын өлүмүнө шектүүлөрдүн экинчиси кармалды

Ким Чен Нам Сүрөттүн автордук укугу AP

Малайзия полициясы Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын агасы Ким Чен Намды өлтүргөн деп шектелгендердин экинчиси кармалганын кабарлады.

Полициянын башкы инспектору Халид Абу Бакар шектүүнүн колунда Сити Айшинин наамындагы индонезиялык паспорт болгонун айтты. Кармалган учурда ал жалгыз болгон.

Түштүк кореялык "Чосун" телеканалы Ким Чен Нам ууландырылган ийне сайылып каза тапканын айтып чыкты. Репортажда Куала-Лумпурдун аэропортунда ага эки аял кол салып, окуя болгон жерден из жашырып кеткени тууралуу сөз болот.

Шаршемби күнү кол салган деп шектелген аялдардын бири кармалган. Анын жанындагы документтерге таянсак, 18 жаштагы Вьетнам жараны. Болжолу ал аэропорттун байкоочу камерасына түшүп калган. Анын сүрөттөрү ММКларга чыгып кетти.

Полиция 45 жаштагы Ким Чен Намды өлтүрүүгө катыштыгы болгон делген бир нече чет элдик жарандарды издөөгө алып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Rex/SHUTTERSTOCK
Image caption Шаршемби күнү кол салган деп шектелген аялдардын бири кармалган. Анын жанындагы документтерге таянсак, 18 жаштагы Вьетнам жараны. Болжолу ал аэропорттун байкоочу камерасына түшүп калган. Анын сүрөттөрү ММКларга чыгып кетти.

Көпчүлүк түштүк кореялык ММКлар анын өлүмүнүн артында Пхеньян турушу мүмкүн деп жазышууда.

Ким Чен Нам КЭДРдин мурдагы лидери Ким Чен Ирдин тун баласы эле. Ким Чен Ын менен энелери башка аталаш бир туугандар.

Түштүк Кореялык «Йонхап» агенттиги шаршембиде КЭДРдин Эмгекчилдер партиясынын жыйынында Ким Чен Ын сабыры суз олтурганын кабарлады. Ал адаттагыдай жыйындан чыгып баратып кол булгалаган да жок дейт агенттик.

Түштүк кореялык чалгын кызматынын башчысы Ли Бён Хо Сеулда парламентте түндүк кореялык агенттер Ким Чен Намды өлтүрүүгө бир нече ирет аракет кылганын айтты. Ал Кытайда жүргөндө аны КЭРдин атайын кызматы коргоого алган деди ал.

Бирок көптөгөн аналитиктер Ким Чен Ындын агасын өлтүрүүгө негиз болчу себеп жок эле деп айтышууда.

Деген менен 2012-жылы Түштүк Кореяда соттолгон түндүк кореялык шпион сурак учурунда, алардын мекемеси Ким Чен Намды жол кырсыгы аркылуу өлтүрүү планы болгонун айтып берген.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption КЭДРдин Малайзиядагы элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин чечти.

2013-жылы Түндүк Корея лидери жакын жездеси, таасирдүү саясатчы Чан Сон Тхэкюну өлүм жазасына тарткан. Аны мамлекеттик төңкөрүш жана коррупция боюнча айыпташкан. Ким Чен Нам өлүм жазасына тартылган жездесине жакын болгон экен.

Ким Чен Ирдин тун уулу Түндүк Кореянын лидерлигине негизги мураскерлердин бири болчу. Бирок Ким Чен Нам 2001-жылы жасалма паспорт менен Японияга учуп кетүүгө аракет кылгандан кийин атасы экөөнүн ортосунда араздашуу болгон.

Жыйынтыгында мураскер Ким Чен Ын болуп калды. Ал атасы каза тапкан 2011-жылдан бери Түндүк Кореяны жетектейт.

Акыркы жылдарда Ким Чен Нам өз өлкөсүнө барган эмес. Кабарларда айтылгандай, ал өзүнүн көп убактысын Кытайдын Макао аймагында өткөргөн.

Тектеш темалар