Тажик «ооганчылары» унутулган согуш тууралуу

Советтик аскерлер Термездеги көпүрөнү кесип өтүп келе жатат. 1988-жылдын 21-майы. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Советтик аскерлер Термездеги көпүрөнү кесип өтүп келе жатат. 1988-жылдын 21-майы.

СССРдин Ооганстандагы аскердик кампаниясы (1979-1989) соңуна чыкканына 28 жыл өткөндөн кийин анын баары тарыхтын бүктөмүндө калып, унутулуп калды. Бул согуштун эң жаш катышуучуларынын курагы азыр элүүгө келди.

Он жылга созулган Ооганстандагы согушту 620 миң советтик аскер кызматкерлери басып өткөн. Советтик Тажикстандын жашоочулары үчүн Ооганстандагы согуш советтик аскерлердин контингенти расмий киргизилген датага чейин эле башталган.

Расмий маалыматтарга караганда өздөрүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн Ооганстанга 15 миңге чукул тажикстандык чакырылган.

Алардын 366 ошол жакта көз жумду. Дээрлик ар бир полкто, чалгын бөлүгүндө тажиктер котормочу катары кызмат кылышкан.

Одина Мухиддинов, 51 жашта

Мага аскерге чакыруу 1983-жылы келди. Түркмөнстанда даярдалган биздин топтогулардын көпчүлүгү тажиктер эле. Аскер даярдыгынан сырткары бизди арабча жазууга үйрөтүштү.

Image caption "Ал учурда аскер жетекчилигине, мен 18 жаштагы улан кишинин көзүнө карап туруп кантип атууга мүмкүн экенин түшүндүрө алган эмесмин".

Албетте, эмне үчүн мен араб арибин үйрөнүшүм керек деген суроо ар бирибизде болгон. Бирок батынып офицерлерден сурай алган эмеспиз. Мекенге кызмат кылуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз болчу. Бизди ушунтип тарбиялашкан.

Ооганстанга бара тургандыгымды аскердик бөлүктүн жетекчилигинен уктум. Жаңы келгендерге жакындары менен байланышып, азыркы кызмат өтөгөн жери тууралуу кабардар кылууну тапшырышты. Ал мезгилде согуштун үчүнчү жылы өтүп жаткан. Каза тапкандар болгон үчүн бизди ата-энебиз менен коштошуп алууга уруксат беришти окшойт. Мага атам келди. Балким бул атам экөөбүз жүз көрүшкөн акыркы ирмем болуп калмактыр, ал учурда мен муну ойлонгон да, түшүнгөн да эмесмин.

Ооганстанда кызмат кылганга чейин бул өнөктүк тууралуу кызыгып да көрбөпмүн. Мен чындыктан такыр эле алыс кыска кабарлар, репортаждар аркылуу билип жүргөмүн. Чыныгы сүрөттү кийин, ошол жакта көрдүм…

СССРдин негизинен мусулмандар жашаган республикаларынан барган жоокерлер үчүн оор болду. Анткени оогандар бизди жек көрдү. А тажиктер үчүн андан да кыйын болду. Оогандар менен бизди тилдик окшоштуктар эле эмес, мурдагы жалпы маданият жана тарых бириктирип турган. Бул болсо аскер жетекчилеринин жоокерлерден шек саноосуна да себеп болгон.

Бир жолу менен ооган-пакистан чек арасынан оогандык аскер кызматкерин кармап алдым. Ал өкмөттүк күчтөргө каршы согушкандардан экен. Мен анын куралын алып, аскер бөлүккө алып келдим. Офицерлер мага ичи чыкпай карашты. Эмне үчүн атып салбай, аскер бөлүгүнө алып келгенимди түшүндүрүүгө аракет кылышты. Анан мага ишенбей карай башташты. Ал учурда аскер жетекчилигине, мен 18 жаштагы улан кишинин көзүнө карап туруп кантип атууга мүмкүн экенин түшүндүрө алган эмесмин.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Аскерлерди тосуп алуу, Термез 1989-жылдын 16-февралы.

Согушка чейин фашисттик Германия менен болгон согуш тууралуу тасмаларды көргөм. Анда мен өзүм ушундай согушка аралашып каларымды ойлогон да эмесмин.

Менимче, эч ким деле согушкусу келбейт. Балким ар бир киши эмнеге бул жердемин деп ичинен өзүнө-өзү суроо бергендир. А сыртынан эч ким айта алчу эмес. Биз буйрук аткардык. Буйрук бергендер сенин каалооң бар же жогун сурабайт.

Ооганстанга аскерлердин киргизилгени катачылык болгонбу? Менимче, СССР ооган эли үчүн көп нерсе жасады. Мектеп курулушу, жол, көпүрө куруу активдүү жүргөн. Оогандар деле бизге анча жаман эмес мамиле кылчу. Бирок чоочун өлкөдө эмне кылып жүрөсүңөр деп сурашчу.

Ооган согушу үчүн мага орден беришкен. Бирок мен аны азырга чейин алганым жок. Орусиянын Коргоо министрлигинин тизмесинде орден алгандар катарында бармын, орден мага жеткен эмес.

Аскарали Баротов, 55 жашта

1981-жылы Ѳзбекстандын Термезинде жайгашкан биздин полкту тургузуп, жөнөп кетүүгө буйрук берди. Кайда барарыбызды эч ким билген эмес. Биз Ооганстанга келгенибизди көчөлөрдөгү жазуулардан окуп билгенбиз. Бирок бул жерде эмне кыларбызды эч ким билген эмес.

Image caption " Бул буйрук болду. Биз аны тагдырыбыздай кабыл алдык".

Согуш деген эмне экенин Ооганстанга келгенден кийин билдим. Биз кайтарып бараткан гуманитардык кербен 12 саатка созулган ок атышууга учурады. Абдан коркунчтуу көрүнүш эле. Алар дагы атып жатышат, биз да ок атып жатабыз. Биз тоонун кууш капчыгайында калдык, моджахеддер бийик жерден өңүт алышып атып жатышты. Биз жер шартын жакшы билчү эмеспиз жана тоолуу шарттагы согушка даярдыгыбыз жок болчу. Биздин душмандар өздөрүнүн үйүндө болгондуктан согуш тактикасын мыкты билген.

Ок атышуу бүткөндөн кийинки көрүнүштү сүрөттөп берүү мен үчүн оор. Бардык жерде каза тапкан жоокерлердин денелери жатты. Биздин командир өзүн кармай албай ыйлап жиберди. Каза тапкандардын көбү жакында эле келгендер эле.

Жоокерлер согуш тууралуу бири-бирбиз менен сүйлөшчү эмеспиз. Эч ким согушкусу келген жок, бирок өлгүбүз да келген жок. Бул буйрук болду. Биз аны тагдырыбыздай кабыл алдык. Кээде кызмат менен шаарга да келчүбүз. Ѳзгөчө ооган базары бизге кызыктуу эле. СССРде жок нерселерди биринчи базардан көргөнбүз. Тажикстер, өзбектер навай нан сатып алчубуз. Аскер бөлүгүндө азык-түлүк кеңири болсо да биз үйдүн нанын сагынат элек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Советтик БТРди ээлеп алган моджахеддер.

Эң оор, жүрөктө калган учур бул менин кызматташтарым менен болгон окуя. Бир жолу биз ок атууга кабылдык. Унаасы жарылууга кабылган эки кызматташыбыз БТРди кууп жетпей калды. Биз эрте менен аларды издеп кайтып келдик. Бир жарым сааттан кийин сөөгүн таптык. Аларды мыкаачылык менен кыйнап, анан өлтүрүшкөн экен. Биз менен кечинде эле тамашалашып, келечек тууралуу кыялдана божурашып олтурган досторубузду көрүп баарбыз ыйлап турдук…Буркурап, өксүп ыйлагандан эч ким тартынган жок.

Үйгө кайтып келгенден кийин түн ичинде көчөгө чыга албай коркуп жүрдүм. Ички дүйнөм эңшерилип, көпкө өзүмө келе алган жокмун. Биз анда ишенимдүү түрдө ыйык милдетибизди аткардык деген ойдо элек.

Вали Саерабеков, Тажикстандагы ардагерлер кеңешинин жетекчи орун басары

Көпчүлүк "ооганчылар" тирүүлөрдүн катарында жок. Контузиянын кесепетинен, стресс, депресиядан, алган жаракатынан көбү эртелей эле оо дүйнө кете беришти. Ооган согушу катышуучулардын баарынын тагдырын өзгөрттү.

Image caption "Жакшылык эле каалашкан, иш жүзүндө жүздөгөн, миндеген жаш жоокерлердин сөөгүн алышты".

Мен 22 жашта элем. Ленинграддагы чыгыш тилдер факультетин бүтүргөм. Мени менен тажикстандык төрт жердешим бирге окуду. Окууну бүтүп жаткан учурубузда СССРдин Башкы штабынан өкүлдөр келишти. Алар бизге Ооганстанда кызмат өтөө сунушун айтышты. Ал жерде биз баш тартып койсок деле болмок. Бирок кийинки карьерабызга сөзсүз зыяны тийерин барыбыз билип турдук. Бул 1985-жыл эле. Согушка алты жыл болгон. Каза тапкандар саны өсүп, социалдык нааразылык күчөп, элдер кыжырданып баштаган. Ооганстандан алып келинген ар бир «Жүк-200» коомдук чоң резонанс жаратып турган.

Эл тынч жашоодо жашап жатып эле, жаш жоокерлердин сөөгүн жерге берип жатканы кыжырдануу жаратты. Жоокерлерди чоочун өлкөдөгү белгисиз согушка жөнөтүп жатышканына нааразы үндөр чыга баштады. Ѳзгөчө Борбордук Азиядагы советтик өлкөлөрдө «Жүк-200» көп келип жатты.

Кремль бул тууралуу кабардар болуп, кийин Борбор Азиядан Ооганстанга кызмат кылгандар саны азайды.

Мен жаңжалдын очогу болгон Панжшерге түштүм. Ал мезгилде бул аймакта жайкын тургундардын баары кетип калган эле. Советтик аскерлердин моджахеддерге каршы масштабдуу операциясы Ооганстандын түндүгүндө жүрүп жаткан. Бийик тоолордогу кыштактарга мина коюлган эле. Этиятсыз бир кадам - жарылуу. Колдон, буттан ажырап өлөсүң. Бөлүктөн тапшырма менен чыгып кетип баратып, тирүу кайтабы жокпу, эч ким билчү эмес.

Бир эле бул ооган согушу эмес, согуштун баары маанисиз. Жакшылык эле каалашкан, иш жүзүндө жүздөгөн, миндеген жаш жоокерлердин сөөгүн алышты. Башында оогандардын дээрлик жарымы СССРдин аскер күчтөрүнүн киришин колдогон. Согуштун соңунда СССРге мамиле кескин өзгөрдү. Согуш улана берди, өлүм көбөйдү, нааразылык күчөдү.

Нааразылык ооган өкмөттүк күчтөрүндө да өстү. Оогандарды күч менен армияга алышты. Эч ким согушкусу келген жок. Ооган армиясында массалык дезертирлик жайылды. Аскер бөлүктөрүнөн качкандар мина коюлган тоо боорлорунда жарылып жатышты. Булар күч менен армияга алынган ооган дыйкандары эле.

Ооганстандагы согуш СССРдин чоң саясый катасы болгон. Мамлекеттик жана саясый кызыкчылык адам өмүрүнөн бийик турганы кайгылуу.