Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталды

  • 16 февраль 2017
Казакстандын борбору Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталды
Image caption Казакстандын борбору Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталды

Казакстандын борбору Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталды.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, сүйлөшүүлөргө Сириянын өкмөтүнүн жана оппозициясынын өкүлдөрү, америкалык дипломаттар жана БУУнун Сирия боюнча өкүлү Стаффан де Мистура чакырылган. Бирок Мистура өзү жеке катышпастыгын, бирок өзүнүн өкүлдөрүн жибере турганын билдирген.

Сүйлөшүүлөр 15-февралга белгиленген, бирок бир күнгө кечигип өтүп жатат. Анын себеби сириялык оппозициянын өкүлдөрүнүн кечиккенине байланыштуу. Сирия оппозициясынын өзүнөн сүйлөшүүлөгө 'Джейш аль-Ислам' козголоңчул уюмунун өкүлү Мухаммед Алуш катышып жатканы айтылууда.

Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты Сириядагы кан төгүүнү токтотуу болуп саналат.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок-атышууну токтотууну көзөмөлгө алган топ түзүлүүгө тийиш.

Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы 6-февралда болуп, ага БУУнун жана Россия, Түркия, Иран, Йордания өлкөлөрүнүн эксперттери да катышкан.

Сирия боюнча эмки сүйлөшүүлөр 23-февралда Женевада өтүүгө тийиш.