Цукерберг: глобалдашууну жактап, фейктерге каршы күрөшүү керек

  • 17 февраль 2017
Марк Цукерберг Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Би-би-си менен болгон маегинде Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг көптөгөн кишилер келечекке ишенимин жоготуп, «фейк жаңылыктардын көбүгү» менен жашап калды деп айтты.

Анын айтымында, көптөр өзүн глобалдашуунун курмандыгы катары сезишет жана өз алдынча бүтүн дүйнөдөн «бөлүнүп» жашагылары келет. Бирок мындай учурда кол куушуруп олтура бербей социалдык инфраструктураны өзгөртүүгө умтулуу чакырды миллиардер.

"Мен Facebook социалдык тармагын түзгөн учурда дүйнөнүн байланыштыруу негедир мүмкүн эместей туюлган. Жалдан жылга дүйнө барган сайын чырмалышып баратат. Менимче кишилер ушуну каалашкан. Бирок кайсыл бир адамдар глобалдашуу аларды ара жолго калтыргандай сезишет. Мына ошол жактан өздөрүн глобалдык контекстен өчүрүү кыймылы башталды »,-деди Марк Цукерберг Би-би-синин экономика боюнча редактору Камал Ахмед менен интервьюсунда.

"Эгер кимдир бирөө адамзатка алдыда дагы күчтүүрөк жакындашуу буюруганбы деп сураса, «ооба» деп жооп бермекмин»,-дейт дүйнөдөгү эң ири социалдык түйүндүн негиздөөчүсү.

Марк Цукербердин пикиринде, бийлик, бейөкмөт уюмдар, ири корпорациялар глобализациянын позитивдүү жемиштери тандалма кишилерге эмес, адамдардын баарына жеткиликтүү боло тургандай иш алып барышы керек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Цукербергдин жубайы Присцилла Чан дүйнө жүзү боюнча иш алып барган бир катар ири кайрымдуулук программаларын жетектейт.

"Биздин алдыбызда турган көптөгөн чакырыктар глобалдык мүнөзгө ээ. Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш, террор же пандемия, бир өлкөдөгү жарандык согуштун кесепети масштабдуу миграциялык каатчылыкты шарттаганы. Ушунун баары талашсыз түрдө глобалдык көйгөлөр. Аны чечүү үчүн бизге ушундай деңгээлдеги инфраструктура керек»,-дейт Цукерберг.

Интернеттеги троллдор боюнча темада жана социалдык тармактардагы негативдүү маалыматтар тууралуу суроого жооп берип жатып, бул глобалдык көйгөйлөрдү жымсалдап, алардын чечүү жолдорун багытынан чыгарат деген пикирин айтты.

"Менимче биз позитивдүү эффектерди күчөтүп, негативди азайтууга жоопкерчиликтүү болушубуз зарыл. Мунун менен коомдо өз ара түшүнүшүүнү жаратабыз. Мыкты дискуссия бирөөнү пикири үчүн айыптаганда эмес, кишилер бири-бирине ар тараптуу билген жерде болорун изилдөөлөр көрсөттү».

Цукерберг өзүнүн Facebook акцияларынын 99 пайызын - жалпы суммасы 45 млрд доллар каражатын жубайы Присцилла Чан жетектеген кайрымдуулук фонддоруна которуп жибергенин эске салды. Бул аракетин башка ишкерлер үчүн мисал болгонго кызмат кылса дейт ал.

Тектеш темалар