Samsung жетекчисин коррупция боюнча камакка алышты

  • 17 февраль 2017
Ли Чжэ Ён Сүрөттүн автордук укугу EPA

Түштүк Кореядагы эң бай бизнесмен, Samsung Electronics компаниясынын вице-президенти, иш жүзүндө жетекчиси Ли Чжэ Ён коррупция боюнча айыпталып камакка алынды. Бул чуулгандуу коррупциялык жаңжал буга чейин өлкө президенти Пак Кын Хеге импичмент жарыялоого негиз болгон.

Январда Түштүк Кореянын соту Ли Чжэ Ёнду камакка алуу боюнча прокуратура өтүнүчүн четке каккан эле. Бул жолу камакка алууга негиз болгон жаңы жагдайлар табылганы айтылды.

Ли Чжэ Ён Samsung компаниясынын вице-президенти кызматында болгону менен анын атасы, компаниянын президенти Ли Гон Хи жүрөк оорусуна кабылгандан кийин ал корпорацияны жетектеп жүрөт. Тергөө Samsung компаниясы Президент Пак Кын Хенин жакын курбусу Чхве Сун Силдин көзөмөлүндөгү коммерциялык эмес фонддорго каражат которгон деп айыптоодо. Ли Чжэ Ён кызмат абалынан пайдаланган деген айыптоолорду кескин четке кагып келүүдө.

Буга чейин тергөө Президентин курбусу Чхве Сун Силь мыйзамсыз түрдө ири бизнес өкүлдөрүн өзүнө караштуу өкмөттүк эмес эки фондго миллиондогон акча которууга мажбурлаганын аныктаган. Ушул фонддордун ишмердүүлүгү боюнча иликтөөлөрдөн кийин коррупциялык жаңжал тутанды. Анын арты менен Президент Пак Кын Хеге парламент импичмент жарыялаган.

"Биз колубуздан келишинче алдыдагы сот иштеринде акыйкатка жетүүгө аракет кылабыз»,-деп билдирүү жасады Samsung Group. Январда Ли 22 саатка созулган сурактан кийин, кайра бошотулган.

Корпорациянын жетекчилик кызматын атадан балага өткөрүү ишине өкмөт көз жумду мамиле кылышы үчүн Чхве Сун Силдин фонддорунун бирине Ли 41 млрд вон (36 млн доллар) которгон деп шектелип жатат. Тергөө кайрымдуулук фондго акча которуу пара катары эсептелиши мүмкүн экенин дагы четке какпайт.

Samsung дүйнөдөгү эң ири жогорку технологиялык электрониканы, мобилдик телефон, телевизор, монитор, турмуш-тиричилик буюмдарын өндүргөн компания эсептелет.

Парламенттик угууда компания өкүлдөрү аталган фонддорго 20 млрд фон каражат которгонун моюнуна алды. Бирок мунун артында кандайдыр бир кызыкчылык болгон дегенди кескин четке кагышты.

Тектеш темалар