"Арсенал" машыктыруучусу Венгердин доораны аяктап баратабы?

Арсен Венгер Сүрөттүн автордук укугу PA

Мюнхенде Чемпиондор лигасынын 1/16 финалында "Арсенал" ири эсеп менен утулгандан кийин, алардын европалык турнирде алдыга карай жылуу үмүтү өчкөндөй болду.

Клубдун машыктыруучусу Арсен Венгердин тагдыры дагы таразага түшүп, ушул сезондун аягында чечилмек болуп жатат. Команданы 1996-жылдан бери жетектеп келе жаткан 67 жаштагы франциялык Арсен Венгерге сезондун башталышында эле жаңы келишим сунушталган экен. Эксперттер акыркы чечим клуб менен машыктыруучунун өз ара макулдашуусунан кийин белгилүү болот деп болжоп турушат.

"Арсенал" Чемпиондор лигасын бир жолу да уткан эмес. Бирок Арсен Венгердин тушунда 14 жолу үзгүлтүсүз бул турнирге катышып, тайпалык оюндарын мыкты өткөрдү. Андан ары жылуу ар дайым жеңилүү менен аяктады.

Бирок бул жолу "Бавариядан" катуу талкаланганы, престиждүү турнирдин 1/8 финалына жетпей эле жыдып калышына алып келет окшойт.

Буга чейин "Челси" жана "Уотфорддон" жеңилүү ызаасын тартып турган учурда кайрадан катуу талкаланышын, "Арсеналдын" мурдагы белдүү оюнчулары Венгердин машыктыруучу катары кызматы бүттү окшойт деп мүнөздөп жатышат. Бирок Венгер өзүнүн келечек пландарын ачык айтпай жатат.

Соңку жылдарда Венгердин ири жеңиши 2014-2015-жылдардагы Англия Кубогун утуп алганы болду. Азыркы учурда Премьер лигадагы соңку эки жеңилүүсүнөн кийин «Халл Ситини" жеңип, бир аз позициясын чыңдап турат. Лиганын лидерлигинде бараткан "Челсиден" 10 упай артта.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption "Челсинин" мурдагы жарым коргоочусу Пэт Невин, "Арсенал" менен "Бавария" беттешин BBC Radio 5 аркылуу баяндап жатып, "Арсеналдын" оюнун башаламан деп мүнөздөдү.

"Челсинин" мурдагы жарым коргоочусу Пэт Невин, "Арсенал" менен "Бавария" беттешин BBC Radio 5 аркылуу баяндап жатып, "Арсеналдын" оюнун башаламан деп мүнөздөдү.

Көпчүлүк футбол адистери команда мурдагыдай азуусун көрсөтө албай жатканына бушайман болуп жатат.

"Арсеналдын" Чемпиондор лигасынын соңку алты сезонундагы 1/16 финалдагы беттештери:

(эки беттештин жыйынтыгы)
2010-11 "Барселона" 3-4
2011-12 "Милан" 3-4
2012-13 "Бавария" Мюнхен 3-3
2013-14 "Бавария" Мюнхен 1-3
2014-15 "Монако" 3-3
2015-16 "Барселона" 1-5

Times басылмасынын футбол баяндамачысы Генри Уинтер машыктыруучу катары Арсен Венгердин мыкты доору артта калды деп эсептейт. "Венгерден Конте, Клопп жана башка машыктыруучулар алдыга озуп баратат»,-деди ал.

Тектеш темалар