Пакистан мавзолейдеги жардыруудан кийин өч алуу операцияларын өткөрдү

Сунниттер мавзолейинде болгон жардыруудан кийин өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сунниттер мавзолейинде болгон жардыруудан кийин өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Пакистандын бир нече аймагында атайын операция өтүп, ондогон согушкерлер өлтүрүлдү.

Бул операциялар Синд провинциясындагы Сехван-Шариф шаарындагы Лал Шахбаз Каландар деп аталган сунниттер мавзолейинде болгон жардыруудан бир күндөн кийин өттү.

Бул жардыруудан набыт кеткендер саны 72 кишиге жетти деп кабарланып жатат.

Соңку маалыматтарга караганда атайын операция учурунда Синд провинциясында кеминде 18 киши атып өлтүрүлдү, дагы 13 киши Хайбер-Пахтунхва аймагында өлтүрүлгөн. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлады. Ассошиэйтед-пресс агенттиги операция жүрүшүндө 47 киши террордук уюмдарга катыштыгы бар деп камакка алынганын жазды.

Сунниттер мавзолейинде болгон жардыруудан кийин өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Жардыруунун жоопкерчилигин өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук топ моюнуна алган. Мавзолейге кечки сыйынууга кишилер чогулган учурда жардыруу болгон. Синд провинциясында үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф кол салууну айыптап, күч кызматкерлерине жардырууну уюштургандарды тез арада табуу тапшырмасын берди.

Дүйшөмбүдө Лахор шаарында орун алган жардыруудан кеминде 13 киши каза таап, 100дөй адам жаракат алган эле.

Тектеш темалар