БУУ Судандагы ачкачылык жөнүндө билдирди

2013-жылдан бери жарандык согуш жүрүп аткан Түштүк Суданда экономикалык кырдаал жылдан жылга оорлоп баратат.
Image caption 2013-жылдан бери жарандык согуш жүрүп аткан Түштүк Суданда экономикалык кырдаал жылдан жылга оорлоп баратат.

БУУ Түштүк Судандын бир нече районунда каптаган ачкачылык жөнүндө жарыя кылды. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча, эгер тез арада гуманитардык жардам барбаса, дээрлик 100 миң адам курман болушу мүмкүн.

Түштүк Судандын бир миллион чамалуу жашоочусу ачкачылыкка кабылды. Анын ичинен ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча 250 миңи балдар. Тамак-аштын жетишпегенинен бул өлкөдө элдин 40% же 4,9 млн адам кыйналууда.

БУУ акыркы алты жылдан бери биринчи жолу массалык ачкачылык жөнүндө билдирип жатат.

Эгер үй-бүлөлөрдүн 20% тамакка жетпей жатса же калктын 30% жетиштүү тамак жебей кыйналып жаткан болгон учурда, же ар бир он миң адамдын ичинен бир күндө эки адам ачкачылыктан өлүп жатса гана тигил же бул мамлекеттеги ачкачылык жөнүндө билдирүү болот.

Тамак-аштын жетишпегендигине байланыштуу эң эле оор кырдаал өлкөнүн Вахда провинциясында экени айтылууда. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кызматкерлери баса белгилегендей, бир катар гуманитардык уюмдардын аракетине карабай, Түштүк Суданга жеткирилген тамак-аш региондогу ачка отургандардын баарына жетпей жатат.

2013-жылдан бери жарандык согуш жүрүп аткан Түштүк Суданда экономикалык кырдаал жылдан жылга оорлоп баратат. (KC)