Украина чыгышында ок атышпоо келишими аткарылган жок

Келишимге ылайык жаңжалдашып жаткан тараптар оор куралдарды алып чыгып кетиши керек. Сүрөттүн автордук укугу afp
Image caption Келишимге ылайык жаңжалдашып жаткан тараптар оор куралдарды алып чыгып кетиши керек. Азырынча эки тарптан тең оор куралдарды чыгарып жаткан кыймыл байкалбайт.

Донбасста ок атышпоо келишими аткарылган жок, бирок мурдагыдай тынымсыз атышуулар басаңдады деп билдирди аймакта жүргөн Би-би-си кабарчысы Том Барридж.

18-февралда тараптар ок атышпоо тууралуу келишимге жеткен эле. Бир күндөн кийин бул чечимди Мюнхенде "Норманд төрттүгүнө" кирген -Германия, Франция, Орусия жана Украинанын Тышкы иштер министрлери колдоого алган.

Ок атышпоо келишими 20-февралдан тарта башталышы керек эле. Бирок ал күчүнө кирген сааттарда деле ок атышуулар болгону тууралуу кабарлар келди. Келишимге ылайык жаңжалдашып жаткан тараптар оор куралдарды алып чыгып кетиши керек. Азырынча эки тарптан тең оор куралдарды чыгарып жаткан кыймыл байкалбайт.

Донбасстагы операция өткөрүп жаткан украин армиясынын штабы жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00 чамасында орусиячыл жикчилдер украин армиясы тарапка 40 жолу аткылоо жасады деп билдирди. Бирок мурдагыдай оор артиллерия жана танктар колдонулган жок дейт украин аскерлери.

Дүйшөмбүдө өздөрүн "элдик республика" кылып жарыялап алган Донецктин талаа командирлеринин бири Эдуард Басурин украин тарап түнкү саат 12ге чейин келишимди бузбаганын айткан. Ал эми ага чейин тынымсыз аткылап, артиллериядан ок чыгарып турушканын билдирген.

Донбасстагы кырдаал 29-январдан бери курчуп кетти. Украина орусиячыл жикчилдерди Авдеевканы жапырт аткылады деп күнөөлөдү. Ал эми өздөрүн аймактык түзүм кылып жарыялап алган ДЭР өкүлдөрү украин аскерлерин биринчи ок чыгарды деп айыптап жатышат. Эки тараптан тең набыт кеткендер болуп, жайкын тургундар дагы каза тапкан. Украина менен Орусия чатактын күчөп кетиши боюнча бири-бирин айыптаган.

Украин Президенти Порошенко Орусияны агрессор деп атады. Орус Президенти Владимир Путин ага жооп кылып, украин өкмөтү Евробиримдик менен АКШдан акча алыш үчүн кырдаалды курчутууга чагым кылды деп билдирген эле.

Тектеш темалар