Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисин дайындады

генерал-лейтенант Макмастер Сүрөттүн автордук укугу NIGHOLAS KAMM

АКШ президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кылып генерал-лейтенант Макмастерди дайындады.

Ал буга чейин үч апта үч күн гана бул кызматты аркалаган генерал-лейтенант Майкл Флинндин ордуна келемекчи.

АКШ армиясынын генерал-лейтенанты Макмастер Ирак жана Ооганстанда кызмат өтөгөн. Трамп Макмастерди "абдан таланттуу жана тажрыйбалуу" деп баалап, армияда аны бардык адамдар сыйлай турганын айтты.

Буга чейин бул кызматка дайындалган Майкл Флинн орус элчиси менен болгон телефон сүйлөшүүсү тууралуу жаңжалдан кийин отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

Макмастер АКШдагы белгилүү генерал жана көптөгөн сыйлыктардын ээси. 1991-жылы Перс булуңундагы согушка катышып, сыйлык алган. 2000-жылдары Ирактагы аскердик өнөктүккө катышкан. Ооганстанда оперативдүү топту жетектеген.

2014-жылы Time журналы Макмастерди дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 кишинин тизмесине киргизип, аны келечектеги армиянын архитектору атаган эле.

Макмастер Түндүк Королина университетинен философия илиминин докторлугун алган. Ал тарых боюнча адис. 1997-жылы китеп жазып, Вьетнамдагы АКШнын аскердик аракетин сынга алган.

Тектеш темалар