Пакистанда согушкерлер соттун имаратына чабуул жасады

өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Пакистанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Пакистандын Чарсад аймагындагы сот имаратына кол салуудан кеминде төрт адам набыт болуп, бир нечеси жаракат алды.

Согушкерлер соттун имаратына бастырып кирип, ок чыгарган. Маалыматтарга караганда аларда кол гранаталар болгон. Согушкерлердин бири өзүн жардырып жиберген, ал эми экөө атып өлтүрүлгөн. Үчүнчүсү соттун аймагында жашырынып турат.

Окуяга күбөлөрдүн бири Рейтер агенттигине сот имаратында көп кишинин өлүгү жатканын айтты. Кол салуунун жоопкерчилигин "Талибан" кыймылы моюнуна алган.

Пакистанда мамлекеттик мекемелерге кол салуу көп эле катталып келүүдө. Соңку күндөрү мындай чабуулдардан 100 чукул киши мерт кетти. Жакында эле Синд провинциясындагы Сехван-Шариф шаарындагы Лал Шахбаз Каландар деп аталган сунниттер мавзолейинде болгон жардыруудан 80ге чукул киши каза тапкан. Жардыруунун жоопкерчилигин өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ моюнуна алган эле.

Тектеш темалар