2030-жылы жашоонун орточо узактыгы 90 жаштан өйдө болот

Түштүк Корея жана Япноядагы аялдарда толуп кетүү көйгөйү дээрлик жок жана тамеки тарткандары сейрек учурайт дейт изилдөөчүлөр. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Корея жана Япониядагы аялдарда толуп кетүү көйгөйү дээрлик жок жана тамеки тарткандары сейрек учурайт дейт изилдөөчүлөр.

Окумуштуулардын божомолу боюнча Түштүк Корея - аялдардын жашоо узактыгынын орточо көрсөткүчү 90 жаштан өйдө эсептелген дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калмакчы.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана Лондон империялык коллежинин окумуштууларынын соңку изилдөөсүндө мындай абал 2030-жылга туура келиши мүмкүн. Изилдөө Lancet медицианалык журналына жарыяланды.

2030-жылы башка өнүккөн өлкөлөрдө деле аялдардын жашоо узактыгы жакшырат. Бирок Түштүк Кореяны кууп жете алышпайт деген тыянакка келет изилдөөчүлөр.

Япония, Франция, Испания жана Швейцарияда аялдардын жашоо узактыгынын орточо көрсөткүчү 88 жашка жетет.

Ал эми эркектер 2030-жылы Түштү Кореяда, Австралия жана Швейцарияда узак өмүр сүрүшөт. Божомолдорго караганда эркектердин орточо жашоо узактыгы 84 жаш болот деп күтүлүүдө.

Мындай секирик Түштүк Кореянын экономикалык жагдайы жакшырышына байланыштуу. Балдар жетиштүү жана туура тамактанып, калктын саламаттыкты сактоо жана акыркы медициналык технологиянын кызматтарын колдонууга кеңири мүмкүнчүлүгү болот.

Түштүк Корея жана Япониядагы аялдарда толуп кетүү көйгөйү дээрлик жок жана тамеки тарткандары сейрек учурайт дейт изилдөөчүлөр.

Мурда адамзаттын орточо жашоо узактыгынын көрсөткүчү 90дон ашарына эч ким ишенчү эмес. Буга эми медицинанын өнүгүшү менен жетүүгө мүмкүн болду.

Иликтөөнүн авторлорунун бири Маджид Эззати Ассошиэйтед Пресс менен маегинде бир учурларда жашоо узактыгынын орточо көрсөткүчү 110-120 жашка чейин барат деп белгиледи.

АКШ өнүккөн өлкөлөрдөн артта калат. Бул өлкөдө өлүмдүн көрсөткүчү жана өнөкөт оорулар, зомбулук жогору дейт иликтөөчүлөр. Ошондой эле саламаттыкты сактоо системасы да жетишерлик эффективдүү эмес деген тыянакка келишкен.

35 өлкөнү талдоого алган окумуштуулар АКШда баланын жана эненин өлүмү жогорку көрсөткүчтө экенин, ошондой эле ашыкча салмак көйгөйү бар экенин көрсөтүшкөн.

Жыйынтыгында 2030-жылы АКШда аялдардын орточо жашоо узактыгы 83 жашты, эркектердики 79,5 жашты түзөт деп болжолдойт окумуштуулар.

Тектеш темалар