"Амнести Интернешнл" уюму адам укуктары боюнча доклад жасады

"Эмнести Интернешнл" уюму адам укуктары боюнча доклад жасады

Адам укугу жаатында иш алып барган "Амнести Интернешнл" эл аралык уюму дүйнөдө качкындарды саясый максатта колдонуу менен көп өлкөлөр адам укуктарын бузуп жатат деп айыптады.

Уюмдун докладында АКШ Президенти Дональд Трамптын, Түркия, Венгрия жана Филиппин өлкөлөрүнүн лидерлеринин ысымдары аталган.

"Былтыркы жыл "алар бизге каршы, демек, биз аларга каршыбыз" деген абдан зыяндуу саясый ураандын жылы болуп калды окшойт. АКШ президенти Дональд Трамптын билдирүүсү болобу, Европанын лидерлеринин качкындарга байланышкан аракеттерин аласак, Түркия Президенти Эрдогандын ишке ашпай калган аскердик төңкөрүшүнөн кийинки массалык кыйноолору, мунун баары адам укуктарын одоно бузуу", - деди "Амнести Интернешнл" уюмунун маалымат катчысы Салил Шети.

Шети Дональд Трамптын миграциялык чектөөлөр боюнча демилгесин адам укуктарынын бузулушунун дагы бир мисалы деди.

"Трамптын мусулмандардын АКШга кирүүсүнө каршы жарлыгын ала турган болсок, бул адам укуктарын гана эмес, АКШнын Конституциясына туура келбей турганы анык. Ошондуктан бул демилге соттун чечими менен четке кагылды. Экинчиден, мындай демилге адамгерчиликке да жатпайт, анткени жарлыкка кирген жети өлкөнүн ичинде согуштан жана куугунтуктоодон качкан, укуктары басмырланган адамдар дагы бар. Үчүнчүдөн, Трамп мындай демилгеси менен Американы коопсуз кыла албайт жана бул өлкөнүн өнүгүүсүнө алып келбейт, анткени статистика көрсөткөндөй мигранттардын жардамы менен экономика алдыга гана жылат", - деди Салил Шети.

"Амнести Интернешнл" уюму Франциянын коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча мыйзамдары дагы мусулмандардын укуктарына шек келтире турганын белгилеген.

Тектеш темалар