Ирак армиясы Мосулдун аба майданын бошотуу операциясын баштады

Мосул үчүн салгылашта аэропорттун учуу-конуу тилкелери толугу менен радикал согушкерлер тарабынан жок кылынган.
Image caption Мосул үчүн салгылашта аэропорттун учуу-конуу тилкелери толугу менен радикал согушкерлер тарабынан жок кылынган.

Ирак армиясы АКШ эл аралык коалициясынын колдоосу менен согушчандардын көзөмөлүндө турган Мосул шаарынын батышындагы аба майданын бошотууга киришти. Мосулдун чыгыш тарабы 'Ислам мамлекети' деп аталган экстремисттик топтон өткөн айда бошотулган. Ал эми шаардын батышын бошотуу операциясы өткөн аптада башталды.

Мосул шаарынын Батыш жагына бошотуу операциясына ирак аскерлери музыканын коштоосу астында жөнөштү.

'Тез аракеттенүү күчтөрү, федералдык полиция жана террорго каршы атайын бөлүм аскерлери аба майданга жакын жердеги эль-Газлани аскерий базасына чабуулга киришти', - деп маалымдалат бүгүн өкмөттүн мамлекеттик телеканалдарга берген билдирүүсүндө.

Би-Би-Си кабарчысы Квентин Соммервиллдин айтымында, Мосул үчүн салгылашта аэропорттун учуу-конуу тилкелери толугу менен радикал согушкерлер тарабынан жок кылынды. Бирок Ирак күчтөрү түштүк тараптан басып киргендиктен, аэропортту курчоого алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ирактын соңку тараткан маалыматына ылайык, Мосул шаарынын батыш бөлүгүн өздөрүн 'Ислам мамлекети' атаган экстремисттик топтун согушкерлеринен боштуу операциясы 19-февралда башталып, түштөгү бир катар айыл-кыштактар бошотулду.

Мосул шаары жихадчылар тарабынан 2014-жылдын июнь айында басып алынган. Ошондон бери Ирактагы экстремисттик топтордун бекем чеби болуп келди. Мосулду өкмөттүк күчтөр толук бошотсо, анда бул өлкөдөгү 'Ислам мамлекети' экстремисттик тобунун таянычтары калбай, кыйроого учурайт.

Мосулду бошотуу операциясы 2016-жылдын 17-октябрында башталган. Ирак аскерлерине күрттөрдүн, шииттердин кошуундары жана АКШ башында турган аба коалициясы көмөк көрсөтүүдө.

Жүз миңден ашуун тургун Мосул шаарын таштап чыгууга аргасыз болду. БУУ өкүлдөрүнүн айтымында, бул сан согушчандардын чегинүүсү менен дагы өсүшү мүмкүн.

Тема боюнча башка макалалар