Полиция Ким Чен Ындын агасы өлтүрүлгөн ууну аныктады

Ким Чен Нам Сүрөттүн автордук укугу JUNG YEON-JE/AFP/getty images

Малайзиянын полициясы КЭДР лидеринин бир тууган агасы согуштук эсептелген токсин каражаты менен ууканын жарыялады. Алдынала чыгарылган бүтүмдө Ким Чен Нам VX деп белгилүү болгон химикаттан ууккан.

Эксперттер маркумдун жүзүндө жана көзүндө калган калдыктарды анализдегенден кийин ушундай тыянакка келишкен.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Ким Чон Намдын өлүмү боюнча тасма

VX газы БУУнун тизмесиндеги массалык кыргынга алып келе турган химиялык куралдардын катарына киргизилген. Белгилүү болгон маалыматтарга караганда, азыркы учурда VХ каражаты аз гана өлкөдө сакталат. Алардын катарында АКШ, Орусия жана Сирия бар.

Түндүк Корея лидеринин агасы өткөн аптада каза тапты. Анын Куала-Лумпур аэропортунда ууландырылганы айтылган эле. Ага кол салгандар эки кыз болгон. Бирөөсү Ким Чен Намды алагды кылып, экинчиси ууландырылган жоолукту анын жүзүнө ыргытып жиберген. Тергөөчүлөр эки кызды тез эле таап, камакка алышты. Аларда вьетнам жана индонезиялык паспорт болгон.

Көп өтпөй полиция 46 жаштагы Түндүк Кореядан чыккан Ри Чен Чхоль ысымдуу кишини камакка алган. Ал Куала-Лумпурда жашап компьютердик компанияларды биринде эмгектенип жүргөн. Теги түндүк кореялык төрт киши Ким Чен Ындын бир тууган агасын өлтүргөнгө катыштыгы бар деп издөөгө алынган. Болжолу алар Малайзиядан чыгып кеткен болушу да мүмкүн. Шектелегендер арасында түндүк кореялык дипломаттар жана КЭДРге таандык авиакомпаниянын кызматкерлери бар.

Малайзия бийлиги бул өлтүрүүнүн артында КЭДР турат деген сөздөрдү бышыктаган жок. Бирок Түндүк Корея жарандары ишке ашырганын айтууда.

Башында КЭДР сөөктү элчиликке барбай жатканы үчүн Малайзияга нааразылыгын билдирген. Кийин Ким Чен Намды өлтүрүүгө катыштыгы болгон деген айтыптоолор Пхеньяндын кескин сынына кабылып, муну "жапайы имиштер" деп атады.