Күндө 800 граммдан жашылча-жемиш жеген киши узак жашайт

жашылча-жемиштер Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

Окумуштуулар суткасына 800 граммдан жашылча-жемиш жеген киши узак жашайт деген тыянакка келүүдө.

Лондондогу империялык коллеждин окумуштууларынын эсеби боюнча, бул сунуштар аткарылганда дүйнөдө жылына 7,8 млн эрте өлүмдү алдыналууга мүмкүн эле.

Аз сандагы эле мөмө жана жашылча жемиштерди жегендин өзү деле ден соолукка кыйла эле пайдасын берет. Адам буларды канча көп жесе, ошончо жакшы.

Окумуштуулар күнүнө 200 граммдан мөмө жана жашылча жемиштерди жеп туруу төмөндөгү оорулардын коркунучун төмөндөтөт дейт:

  • Жүрөк, кан-тамыр ооруларынан каза табуу кооптуулугун -13%,
  • Рактын күчөп кетишин - 4%,
  • Эртелей каза табуу кооптуулугун - 15% азайтат.

800 грамм мөмө жана жашылча жемиштер:

  • Жүрөк, кан-тамыр ооруларынан каза табуу кооптуулугун - 28%,
  • Рактын күчөп кетишин - 13%,
  • Эртелей каза табуу кооптуулугун - 31% төмөндөтөт.

Мындай тыянак 95 түрдүү иликтөөлөрдүн негизинде чыгарылды. Иликтөөдө 22 миллион кишинин тамактануу адаты изилденген. Иликтөө тыянактары International Journal of Epidemiology журналына жарыяланды.

Окумуштуулар ооруларды төмөндөткөн мөмө жана жашылча жемиштердин эффективдүүлүгүнө карап бөлүшкөн. Маселен рак илдетин төмөндөтүүдө шпинат жана перец, ошондой эле түстүү капуста сыяктуу жашылчалар.

Жүрөк, кан-тамыр ооруларын төмөндөтүүдө алма, алмурут, цитрус, капустанын түрлөрү, редиска сыяктуу жемиштер пайдалуу.

Ошондой эле жашылча жана мөмө жемиштер холестеринди азайтып, кан басымын төмөндөтөт жана иммундук системанын иштешин жакшыртат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму күнүнө 400 граммдай мөмө, жашылча жемиштерин жеш керек деп кеңеш берет. Бирок дарыгерлер бул кеңешти аткарган кишилер сейрек дейт. (AbA)

Тектеш темалар