"Оскардын" мыктылары аныкталды

"Оскардын" аземи актер жана ырчы Жастин Тимберлейктин ыры менен башталды. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Оскардын" аземи актер жана ырчы Жастин Тимберлейктин ыры менен башталды.

Лос-Анжелесте АКШнын кино академиясынын "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Бул жылы мыкты режиссер сыйлыгы "Ла-Ла Ленд" тасмасынын режиссеру Дэмьен Шазеллге ыйгарылды.

Шазелл бул сыйлыкка көрсөтүлгөн Мэл Гибсонду («Абийир таразасында»), Барри Женкинсинди ("Ай шооласы"), Кенне Лонерганы ("Деңиз жээгиндеги Манчестер») жана Дени Вильневду ("Келүү") артка калтырды.

Жылдын мыкты актрисасы болуп Эмма Стоун тандалды. Ал "Ла-Ла-Ленд" тасмасында башкы ролду жараткан. «Мыкты актер» наамын "Деңиз жээгиндеги Манчестер" тасмасында башкы ролду жараткан Кейси Аффлек алды. Бул наамга «Ла-Ла-Лендде» башкы ролду ойногон Райан Гослинг дагы атаандаш болгон эле.

"Ла-Ла-Ленд" аземдин фаворити болду. Мюзикл жалпысы болуп 14 номинация боюнча сыйлык алды.