Францияда Президент сүйлөп жатканда снайпердин шалаакылыгынан ок атылды

Көзгө атар салтанат өтүп жаткан жерден жүз метрдей аралыкта, үйдүн чатырында болгон. Айрым маалыматтарга караганда анын буту тайгаланып кетип, машаны басып алган. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Көзгө атар салтанат өтүп жаткан жерден жүз метрдей аралыкта, үйдүн чатырында болгон. Айрым маалыматтарга караганда анын буту тайгаланып кетип, машаны басып алган.

Францияда Президент Франсуа Олланд сүйлөп жаткан мезгилде полициянын көзгө атары кокусунунан ок чыгарып алып, эки киши жарадар болду.

Бул окуя өлкөнүн батышындагы Вильоньон шаарындагы жаңы темир жол участкасынын ишке берилишине байланыштуу салтанатта орун алган. Көзгө атар салтанат өтүп жаткан жерден жүз метрдей аралыкта, үйдүн чатырында болгон. Айрым маалыматтарга караганда анын буту тайгаланып кетип, машаны басып алган.

Жергиликтүү басылмалар темир жолдун бир кызматкери жана официант бутунан жеңил жаракат алганын жазды. Кабарларга караганда ок атылгандан кийин Президент сөзүн токтотуп, кырдаал жайгарылгандан кийин кайра уланткан. Окуя болгон жерде ызы-чуу болуп кеткен жок деп жазды жергиликтүү басылмалар.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/getty

"Мен олуттуу эч нерсе болгон жок деп ишенем»,-деп сөзүн улаган Олланд.

Президент кийин жарадар болгондордун абалын сурады. Бул окуя боюнча иликтөө башталган.