Трамп: трлн доллар экономика жана НАТОну колдоо үчүн

АКШнын Президенти Дональд Трамп Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШнын Президенти Дональд Трамп Конгрессте «Өлкөнүн абалы тууралуу» (State of the Union Address) кайрылуу жасады. Ал өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлор үчүн триллион доллар бөлүү ниетин билдирди жана мигранттарды кабыл алуу системасын өзгөртүү планын айтты.

"Жакында эле жөөттөр борборуна болгон кол салуу, жөөттөрдүн көрүстөнүндөгү вандализм жана өткөн аптадагы Канзас-Сити болгон ок атышуулар биздин саясый көз карашыбыз ар башка болгону менен жамандыкты, көралбастыктын түрдүү формасын танууда бир бойдон каларбызды эске салды»,-деп баштады өз сөзүн.

"Биздин союздаштар Америка кайрадан башка өлкөлөрдү артынан ээрчитүүгө даяр экенин көрүшөт»-деген Трамп, ушул учурдан тартып АКШ тарыхынын жаңы этабы башталды дейт.

АКШ Президенти инфраструктуртуралык долбоорлор үчүн триллион доллар инвестиция кылууга Конгресстен колдоо сурады.

"АКШ Жакынкы Чыгышка дээрлик алты триллион доллар коротту. Бул учурда биздин үйүбүздө инфраструктура бүлүнүп жатат. Алты триллион долларга өлкөнүн бүт баарын эки жолу, керек болсо үч жолу кайра куруп чыкканга болмок. Жалпы коомдук кайра курууну жасаш үчүн мен Конгресстен кошмо штаттардын инфраструктурасы үчүн триллион доллар инвестиция кылуу боюнча мыйзамды колдоп берүүнү суранам. Бул долбоорлор коомдук жана жеке капиталдар менен каржыланып, бул аркылуу миллиондогон жаңы жумуш орундары түзүлөт»,-деди Трамп.

Дональд Трамп АКШ мындан кийин да НАТОну бардык тарабынан колдоого аларын белгиледи:

"Биз дүйнөлүк саясаттын активдүү катышуучусу болушубуз керек жана НАТОну колдойбуз. Бирок биздин өнөктөштөр өзүнүн каржылык милдеттенмелерин аткарышы керек».

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Конгрессмендер жана чогулган публика АКШнын биринчи айымы Меланьи Трамптын урматына эки жолу ордунан туруп кол чабышты.

Трамп орто класстагылар үчүн салыкты төмөндөтүүгө, миллиондогон жаңы жумуш орундарын түзүүгө убада берди. Ошондой эле жалпы медициналык камсыздандыруу боюнча мурдагы бийликтин тушунда кабыл алынган Obamacare системасынан баш тартарын айтты. Трамптын пикиринде Обаманын реформасы кыйроого учурады, ошондуктан жаңы реформаны сунуштоого камынып жатат.

Салтка айланып калгандай АКШда жаңы шайланган Президент февраль соңунда Конгресстин алдында «Өлкөнүн абалы тууралуу» (State of the Union Address) кайрылуу жасайт. Бул өлкө башына келген жаңы лидердин алдыдагы саясатынын негизги багыттарын аныктамакчы.

Тектеш темалар