Малайзия Ким Чен Намдын өлүмүнө шектүүлөрдүн айыбын угузду

Сити Айша ага Ким Чен Намды тамашалап коюш үчүн акча төлөшкөнүн айтып, ал уу зат экенин билген эмесмин деген. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сити Айша ага Ким Чен Намды тамашалап коюш үчүн акча төлөшкөнүн айтып, ал уу зат экенин билген эмесмин деген.

Шаршембиде Малайзиянын соту Түндүк Корея лидеринин бир тууган агасынын өлүмүнө шектелип кармалган эки аялга айыбын угузду.

Эгерде киши өлтүрүү боюнча күнөөсү далилденсе, 25 жаштагы Индонезия жараны Сити Айшеге жана 28 жаштагы Вьетнам жараны Доан Тхи Хуонду өлүм жазасы күтөт.

Шектүүлөрдү шаршемби күнү катуу кайтаруу менен сотко алып келишти. Кыздардын колуна кишен салынып, аларга ок өтпөс кемсел кийгизип алып келишти. Соттун имаратынын алдын ондогон полиция кайтарып турду.

Ким Чен Нам 13-февралда Куала-Лумпур аэропортунда ууландырылып каза тапкан. Малайзиянын полициясы ал согуштук эсептелген VX деп белгилүү болгон химикаттан уукканын билдирген.

Интернетке тарап кеткен тасмада ага кол салгандар эки кыз болгон. Бирөөсү Ким Чен Намды алагды кылып, экинчиси ууландырылган жоолукту анын жүзүнө ыргытып жиберген. Тергөөчүлөр эки кызды тез эле таап, камакка алышты.

Көп өтпөй полиция 46 жаштагы Түндүк Кореядан чыккан Ри Чен Чхоль ысымдуу кишини камакка алган. Ал Куала-Лумпурда жашап компьютердик компанияларды биринде эмгектенип жүргөн. Теги түндүк кореялык төрт киши Ким Чен Ындын бир тууган агасын өлтүргөнгө катыштыгы бар деп издөөгө алынган. Болжолу алар Малайзиядан чыгып кеткен болушу да мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Доан Тхи Хуон бул окуяга тиешеси жок экенин айтып жатат.

Прокурорлор азырынча шектүү катары карамалган башка кишилерге айыбы угузула электигин билдирди. Бул иш боюнча он киши камакка алынган. Анын ичинде Түндүк Кореянын элчилигинде иштеген кызматкер дагы бар. Түштүк Корея болжолу булардын ичинен төртөөсү Түндүк Кореянын атайын кызматынын тапшырмасы менен жүргөндөр болушу мүмкүн дейт.

Ким Чен Ирдин тун уулу Түндүк Кореянын лидерлигине негизги мураскерлердин бири болчу. Бирок Ким Чен Нам 2001-жылы жасалма паспорт менен Японияга учуп кетүүгө аракет кылгандан кийин атасы экөөнүн ортосунда араздашуу болгон.

Жыйынтыгында мураскер Ким Чен Ын болуп калды. Ал атасы каза тапкан 2011-жылдан бери Түндүк Кореяны жетектейт.

Акыркы жылдарда Ким Чен Нам өз өлкөсүнө барган эмес. Кабарларда айтылгандай, ал өзүнүн көп убактысын Кытайдын Макао аймагында өткөргөн.