Лорддор палатасы Брексит боюнча мыйзамды колдогон жок

Буга палатанын 256 мүчөсү каршы чыкты. Жыйынтыгында мыйзам долбоору коомдук палатага кайтарылды. Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Буга палатанын 256 мүчөсү каршы чыкты. Жыйынтыгында мыйзам долбоору коомдук палатага кайтарылды.

Британ парламентинин лорддор палатасы өлкөнүн өкмөтүн Брекситтен кийин дагы Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн жарандары Улуу Британияда кала берүү укугуна кепилдик беришин талап кылышты.

Коомдук палата тарабынан колдоо тапкан Брексит боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда лорддор палатасынын 358 мүчөсү мыйзамга кошумча киргизүү үчүн добуш беришти. Ал кошумча пункт жогоруда айтылгандай, Британия ЕБдан курамынан чыккандан кийин дагы биримдиктин жарандары өлкөдө жашап, иштөөгө мүмкүндүк алышы керек.

Буга палатанын 256 мүчөсү каршы чыкты. Жыйынтыгында мыйзам долбоору коомдук палатага кайтарылды.

Британ басылмалары лорддор палатасынын чечими Тереза Мэйдин өкмөтүнүн эң ири жеңилиши болду деп жазууда. Буга чейин Мэй лорддорду мыйзам долбоорун өзгөртүүсүз кабыл алып берүүгө чакырган эле.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Добуш берүү алдында өкмөт лорддорду мыйзам долбоорун өзгөртүүсүз кабыл алууга көндүрүү үчүн акыркы аракетин көрдү. Мыйзам долбоорун кабыл алуу дагы эки аптага кечеңдеди. Тереза Мэй Евробиримдиктен чыгуу жараянын марттын соңуна чейин баштоону убада кылган эле.

Күтүлгөндөй өкмөт эми мыйзам долбоорунун баштапкы вариантын сактап калууга коомдук палатаны көндүрүүгө аракет кылат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Британ басылмалары лорддор палатасынын чечими Тереза Мэйдин өкмөтүнүн эң ири жеңилиши болду деп жазууда.

Коомдук палата Евробиримдиктен чыгуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окуудан, 8-февралда эле кабыл алган. Документти талкуулоо учурунда бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу болуп, бирок жыйынтыгында өзгөрүүсүз калган эле.

Лорддор палатасына келгенде мыйзам долбоору тоскоолдуксуз өтөт деген ишеним бар эле. Марттын башында өтө турган Евробиримдиктин саммитине чейин эк палатада тең жактырылып бекитилет деп күтүлгөн. Мындан кийин Мэй формалдуу түрдө Ебдан чыгуу жараянын баштамак.

Британиянын Жогорку Соту Европа биримдигинен чыгууну ишке ашыруу үчүн өкмөт алды менен парламенттин макулдугун алышы керек деген бүтүм чыгарган. Ошондон кийин мыйзам долбоору парламентке сунушталган.

Тектеш темалар