Ооганстандагы "ИМ" тобунун чөлкөмгө коркунучу

  • 2 март 2017
Өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топ Сүрөттүн автордук укугу AFP

Өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топ мындан эки жыл мурун Ооганстандын аймагында аракеттенип баштаган.

Ошол учурда өлкө бийлиги экстремисттик топтун коркунучу бир эле Ооганстан өкмөтү үчүн эмес, Борбордук жана Батыш Азия чөлкөмүнө тиерин билдирип чыккан эле.

Алардын коркунуч канчалык жайылды? Би-би-си кабарчысы Дауд Азами бул экстремисттик топтун өлкөдөгү коркунучу тууралуу иликтеген.

Ооганстанда «ИМ» экстремисттик тобу канча аймакты басып алган?

Өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган экстремисттик топ Ооганстандагы түзүмүн 2015-жылдын январында жарыялаган. Бул - «ИМ» экстремисттик тобунун араб дүйнөсүнөн сырткары жайылып жаткан биринчи учуру эле.

Бир нече аптанын ичинде экстремисттик топ беш ооган провинциясында - Гильменд, Забуль, Фарах, Логар жана Нангархарда пайда болуп, таасирин жайылтууга киришти. Алар Ооганстандагы талибан козголоңчуларына да коркунуч жаратты. Экстремисттик топтун биринчи максаты ооган талиптерин аймактан сүрүп чыгаруу же алардын согушкерлерин өзүнө кошуп алуу болгон. Согуштан чаалыгып турган согушкерлерди жандантуу аракетин баштаганы менен тескерисинче, «Ислам мамлекети» тобу жергиликтүү элдин каршылыгына кабылып, талибандарды да өзүнө каршы кылып алды.

2015-жылдын биринчи жарымында "ИМ" тобу Нангархар провинциясынын чыгышындагы бир канча аймакты басып алган. Анткени бул жерлер Пакистандагы уруулар бөлүнүп жашаган аймактарга жакын, экинчи себеби, ошол жердеги исламдын салафи жана вахаби агымын кармангандар отурукташкан эле. Андан кийин Ооганстандын түндүк тарабын дагы басып алуу аракетин баштаган. Бул аймак аркылуу экстермисттик топ Борбордук Азия, Чеченстан жана Кытайдагы уйгур согушкерлерди байланыштыргысы келет.

Арийне, ооган аскерлери, НАТО күчтөрү жана талибан кыймылы "ИМ" тобун Ооганстандын түштүк жана батыш тарабынан сүрүп чыгарган. Ошондой эле алар акыркы айларда Ооганстан чыгышындагы бир топ аймактардан сүрүп чыгарылды. Бирок дале болсо Нангархар жана Кунар провинциясындагы кээ бир аймактарды көзөмөлдөп турат. Ал жерде согушкерлерин машыктырып, кол салууларды пландаштырып жатат.

"ИМ" тобунун чакан уялары Забул жана Ганзи, ошондой эле түндүк провинцияларынын айрым жерлеринде бар экени кабарланган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун канча согушкери бар?

Ооганстанда пайда болгондон бери өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ АКШнын аба чабуулдарынан жана ооган аскер күчтөрү менен кагылышуудан жүздөгөн согушкерлерин жоготту. Талибандар менен кагылышуудан бир нече кишисинен айрылды.

Экстремисттик топтун ооган-пакистан бутагындагы ондогон лидерлери, анын ичинде Ооганстандагы лидерлеринин бири Хафиз Саид Хан АКШнын дрон аркылуу жасаган чабуулунан жок кылынган.

Болжолу өздөрүн "Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топтун Ооганстандагы согушкерлеринин саны миңден беш миң кишиге чамалайт.

Ооганстандагы НАТОнун жана aмерикалык күчтөрдүн командачысы генерал Жон Николсондун болжолунда булардын саны 1000 же 1500 кишин түзөт. Акыркы жылдардагы операциялардан кийин алардын саны эки эсеге кыскарды дейт ал. Согушкерлердин дээрлик 70 пайызы Пакистандагы талибан тобунан келип кошулгандар деп кошумчалады генерал. Алардын көпчүлүгү 2014-жылы Түндүк Вазиристандагы уруулар отурукташкан аймактарда Пакистан аскерлеринин операциясы башталгандан кийин Ооганстанга сүрүлүп келишкен.

Бирок ооган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Ооганстандагы "ИМ" тобунун катарындагылардын 80 пайызы пакистандыктар деп эсептейт. Калгандары "Өзбекстан ислам кыймылынын" мүчөлөрү жана мурдагы талибан кыймылында жүргөндөр бар дейт алар.

"ИМ" тобунун Ооганстандагы кол салуулары

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ Ооганстандын бир катар жерлериндеги, анын ичинде борбор калаа Кабулдагы кол салууларды уюштурганын моюнуна алган. 2016-жылдагы Кабулда митинг учурунда болгон теракттан 80ге чукул киши каза тапты. Андан үч айдан кийин Ашур майрамындагы кол салуудан, 2016-жылдын ноябрындагы Кабулдагы мечитке кол салуудан ондогон кишилер набыт болгон.

Чабуулдардын көбү шиит мусулмандарына багытталган. Ошондой эле «ИМ» тобу өзүнүн катаал ыкмасына жана идеологиясына каршы чыккан бир катар жайкын тургундар, дин кызматкерлери, уруу аксакалдарына жасалган кол салууларды өз жоопкерчилигине алган. Жакынкы Чыгыштагы пикирлештери сыяктуу эле Ооганстанда булар зомбулугун күчөтүштү.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун Ооганстандагы кийинки тагдыры Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекети" тобунун тагдыры менен түздөн-түз байланышкан. Батыш жана оогандык жогорку даражадагы аскер башчылары алардын ортосунда каржылык байланышы бар деп белгилешет.

Алар ошондой эле Түштүк жана Борбордук Азияда аракеттенген кишилер менен байланышта. Айталы, Бангладеш, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жан Өзбекстандан жүздөгөн кишилер Сирияга өз эрки менен барып экстремисттик топтун катарында согушкан учурлар катталган. Алар ошол жактан атайын машыгуулардан өткөн. Эми өз мекенине кайтканда жаңы коркунучтар пайда болот. "Ислам мамлекти" экстремисттик тобунун чөлкөмдөгү күчөшүнө да алып келбейби деген маселе бар.

Тектеш темалар