British Airways рейси учактагы чычкандан улам токтотулду

British Airways рейси учактагы чычкандан улам токтотулду Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Лондон шаарынан Сан-Франциского учканы жаткан British Airways авиакомпаниясынын учагына чычкан кирип кеткени үчүн бир нече саатка токтотуп турушту.

Учактагы жүргүнчүлөрдүн биринин айтымына караганда, борттун экипажы "күтүлбөгөн окуя болуп кетти" деп жүргүнчүлөргө кайрылган.

"Учактагылар экипаж мүчөсүнүн айткандарына кандай реакция жасаарын билбей калышты. Көптөр бул сөзгө ишенген жок",-деди Би-Би-Си кабарчысы менен сүйлөшкөн Карли аттуу жүргүнчү.

British Airways өкүлдөрү тез аранын ичинде жүргүнчүлөрдү башка учакка которуу жолдорун табышты. Бирок аэропорттогу бардык гейттер (учуу үчүн эшиктер) бош эмес болчу.

Ошондуктан бул рейс төрт саатка кармалды. Учактагылардын бири Марк Уотт "Твиттердеги" баракчасына "мен уча турган рейс чычкандан улам токтотулду. Ал эмне виза ала албай калганбы?" деп жазды. Авиакомпания өкүлдөрү бул окуя боюнча билдирүү жасап, башкалардан кечирим сурады:

"Баары Сан-Франциского эртерээк учууну каалап жатканын билебиз. Бирок эң кичине кардарды кайрадан артка жиберишибиз керек болчу. Калган эки буттуулардын баары Калифорнияга учуп кетишти. Рейстин кармалганы үчүн кечирим сурайбыз".

Эгерде борддо кемирүүчүлөр боло турган болсо, ал учак учпайт. Себеби мындай жандыктар самолеттогу электр жабдыктарды жана кабелдерди зыянга учуратышы мүмкүн.

Бортко чыгып алган чычкандар окуясы боюнча буга чейин да көп сөздөр айтылган. Мисалы 2015-жылы боксчу Дэвид Хейдин учагына "активдүү жана көп нерсеге кызыккан" чычкан кирип алып, учак Бирмингемден уча албай көпкө кармалган эле. (ErA)