Австрияда турист кызды зордуктаган ирактыктар соттолду

Сотто айыпталгандардын тогузунчусу акталды. Сүрөттүн автордук укугу AP

Австриянын соту Ирактан келген сегиз мигрантты Жаңы жыл түнүндө Венада германиялык турист кызды зордуктаган деп тапты.

Сот аларды тогуз жылдан он үч жылга чейин эркинен ажыратты. Сотто айыпталгандардын тогузунчусу акталды. Соттолгондорду курагы 22 жаштан 48 жашка чейин. Алардын баары 2015-жылы май айында Австрияга мигрант катары келишкен.

Алардын курмандыгы болгон кыздын жашы 28де. Жабыр тарткан кыз 25 миң евро компенсация алган. Прокурорлордун айтымында зордукталган кыз азырга чейин психологиялык жактан жабыркап келет.

Ал күнү германиялык турист кыз Жаңы жыл майрамын Венанын борбордук бөлүгүндө достору менен белгилеген. Болжолу түнкү саат экилер чамасында төрт киши ага кол салып, аны өз квартирасына алып кетишкен.

Ал жерде дагы төрт киши күтүп турган. Алар аны зордукташкан. Кыз мас абалында болгон үчүн өзүн коргогонго мүмкүнчүлүгү болгон эмес деп түшүндүрдү прокурорлор.

Эки тарап тең соттун чечимине нааразы болуп доо арыз менен кайрылышкан.