Малайзия КЭДР лидеринин агасынын өлүмүнө шектүүлөрдүн бирин депортациялайт

Ри Чен Чол убактылуу кармоочу жайдан ок өтпөс кемсел кийгизилип, полиция коштоосунда чыкты. Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Ри Чен Чол убактылуу кармоочу жайдан ок өтпөс кемсел кийгизилип, полиция коштоосунда чыкты.

Малайзия бийлиги КЭДР лидеринин агасы Ким Чон Намдын өлүмүнө шектүү катары кармалгандардын бирин Түндүк Кореяга депортациялайт.

Камакка алынган Ри Чен Чолго айып койгонго жетиштүү далилдер топтолгон жок деди полиция. Ал миграция боюнча мыйзамдарды бузганы үчүн Түндүк Кореяга депортация болот.

Ри Чен Чол Малайзия аймагында үч жылдан бери жашап келген. Бул өлкө аймагында иштөөгө берилген уруксат кагазынын мөөнөтү ушул жылдын 6-февралында бүткөн экен.

Мунун алдында Малайзия бийлиги Түндүк Корея жарандарына визасыз кирип чыгууга мүмкүн болгон эрежени өзгөрттү. Коопсуздуктан улам визасыз эреже жокко чыгарылды деди өлкө бийлиги.

Малайзиянын тергөө органдары Ким Чон Намдын өлүмү боюнча Түндүк Кореянын жети жаранын шектүү катары эсептеп жатат. Аларды арасында элчиликтин кызматкери да бар. Түндүк Корея бул өлүмгө катыштыгы бар делген айыптоолорду четке кагууда.

Ким Чен Нам 13-февралда Куала-Лумпур аэропортунда ууландырылып каза тапкан. Малайзиянын полициясы ал согуштук эсептелген VX деп белгилүү болгон химикаттан уукканын билдирген.

Интернетке тарап кеткен тасмада ага кол салгандар эки кыз болгон. Бирөөсү Ким Чен Намды алагды кылып, экинчиси ууландырылган жоолукту анын жүзүнө ыргытып жиберген. Тергөөчүлөр эки кызды тез эле таап, камакка алышты.

Шаршембиде Малайзиянын соту шектүү катары кармалган эки кыздын айыбын угузду. Эгерде киши өлтүрүү боюнча күнөөсү далилденсе, 25 жаштагы Индонезия жараны Сити Айше жана 28 жаштагы Вьетнам жараны Доан Тхи Хуон өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Ушул эле күнү Малайзиянын Тышкы иштер министрлиги VX деп белгилүү болгон химикаттын колдонулушун айыптаган билдирүү таратты.